Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-июль
Чүй

Мойнун кескилеген жалгыз бой ата Ак үйдүн алдына чыкты

Turmush -  Кара-Балта шаарынын тургуну Алишер Асатулоев бүгүн, 20-декабрда Бишкек шаарындагы Ак үйдүн алдына нааразычылык акциясына чыкты.

А.Асатулоевдин айтымында, анын мындай кадамга баруусуна эки кичинекей баласы менен жашап жаткан батиринен чыгарылгандыгы себеп болгон.

05bd22f6daeef9bae2eaa73ecab3b202_500_0_0

Кара-Балта шаардык кеңештин экс-депутатына тиешелүү батирде эки баласы менен убактылуу жашаган Алишер Асатулоев 15-июнда ал үйдөн көчүрүлгөн болчу.

А.Асатулоевдин билдирүүсүнө караганда, эртең менен саат 10:00 чамасында сот аткаруучулар батирге келип, үйдөн көчүп кетүүсүн талап кылышкан. Аларды укук коргоо органдарынын кызматкерлери коштоп жүрүшкөн.

«Мен аларга бул батирде 12 жылдан бери жашап жатканымды жана эч көчпөй турганымды айттым. Үйдүн ичин толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, балдарым ушул үйдөн төрөлүшкөн. Сот аткаруучуларга «биринчи менин өлүгүмдү ушул үйдөн алып чыккандан кийин батирди ала бергиле» дедим. Бирок, алар мени байлап көчөгө алып чыгышты. Үйдөгү кийимдерим менен сыртта жүрдүм. Ошол учурдагы бардык окуялар менин балдарымдын көзүнчө болуп жатты. Сот аткаруучулардын физикалык күч колдонууга эч кандай укуктары жок эле», - деди ал.

А.Асатулоев балдары үчүн мойнун жана колун кескенин кошумчалады.

«Мен өз өмүрүмө кол салгым келген жок. Акыл-эсим тунук эле адаммын. Укугумду коргоп жана үнүмдү укканга жардам сурап ушундай кадамга бардым», - деди ал.

Эки баланын атасы А.Асатулоев балдар үйүндө чоңойгон.

«Ата-энеси жок чоңойдум. Мен көргөн тагдырды балдарыма каалабайм. Аялым башка бирөөгө кетип калган. Балдардын тамак-ашына жана өзүбүзгө үй сатып алайын деп, Россияга иштеп кеткен учурда аялым өзүнө жаш жигит таап алыптыр. Россияда иштеп тапкан акчаларды аялыма салып турчумун. Бирок, ал пайдасыз жакка сарптап жоготуптур. Кыргызстанга келсем балдарым да каралбай калыптыр. Мындан улам аялымды үйдөн кууп чыккам», - деди ал.

Учурда А.Асатулоевдин абалы туруктуу. Ал турак жай маселеси боюнча бирөө-жарым чечип берерине үмүт артып, коомчулуктан жардам сурады. Ошондой эле, ал укук коргоо органдарынын жардам бербегенин, Жайыл райондук соту Асатулоев көчүрүлгөн батирге тиешелүү документтерди көрсөтүүдөн баш тартканын кошумчалады.

Turmush басылмасына маалым болгондой, А.Асатулоевдин балдарын социалдык тармактын кызматкерлери балдар үйүнө алып барууну чечишкен. Бирок, ал жерде жетим балдар гана алынгандыктан, 2 жана 7 жаштагы өспүрүмдөрдү Жайыл районунун Сосновка айылында жашаган Яшиндин үй-бүлөсү кабыл алган. Алар Асатулоевдин балдарын турак жай маселеси чечилгиче карап турарын билдиришкен эле.

Андан кийин Кара-Балта шаардык кеңештин депутаты Ольга Архипова («ЭлАман» партиясы) мөөнөтсүз ачкачылык жарыялаган. Анын мындай кадамга баруусуна көп кабаттуу үйдөгү батирин анда убактылуу жашап жаткан Алишер Асатулоев талашып жатканы себеп болгон.

Окуя тууралуу:

Кара-Балта шаардык кеңешинин мурунку депутатына тиешелүү батирден көчүрүлүп жаткан эркек киши өзүнүн мойнун кесүүгө аракет жасады. Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, 1979-жылы туулган эркек киши өз өмүрүнө кол салып, мойнун жана колун кесүүгө аракет жасаган. 15-июнда ал жашаган батирге сот аткаруучулар милиция кызматкерлери менен чогуу келишти.

Эркек киши жашаган батир 2007-жылы ээсиз калган мүлк катары эсептелген. Анын учурда 2 жана 7 жаштагы балдары бар. Алардын бири ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген.

Жакында эле бул батирдин ээси табылып, ал 2016-жылы үйдү мурунку ээсинен алган ырастоочу документтин негизинде мыйзамдаштырган. Алдын ала маалыматтарга караганда, батирдин мурунку ээси 2006-жылы каза болуп калган. Ал эми, үйдүн азыркы ээси Кара-Балта шаардык кеңештин экс-депутаты Ольга Архипованын айтымында, батирдин жашоочуларын көчүрүү тууралуу Жогорку соттун чечими чыккан.

Ал эми, көчүрүлүп жаткан эркек кишинин жактоочусу үй туура эмес мыйзамдаштырылганын айтты.

«Батир мурунку ээсинин тилкаты менен эле туура эмес мыйзамдаштырылган. Ал эми, тилкат кварталдык комитеттин төрагасы тарабынан күбөлөндүрүлгөн», - деди ал.

Кара-Балта шаардык кеңештин экс-депутатына тиешелүү батирден көчүрүлгөн эркек киши эки кичинекей баласы менен бул үйдө убактылуу жашап жаткан. Анын кошуналары эркек киши жашаган батирге келип, анын жакшы сапаттарын айтып колдоп турушту.
Батирден көчүрүү учурунда А.А.ны укук коргоо органдарынын кызматкерлери, ал эми анын эки баласын социалдык бөлүмдүн өкүлдөрү алып кетишти. Социалдык тармактын кызматкерлери Рита Эсенова жана Каныгүл Абдраимованын айтымында, А.А. башка энелерге караганда балдарын жакшы багып жаткан. Ал эми, өспүрүмдөрдүн энеси балдарын таштап, башка үй-бүлө куруп кеткен.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 12914
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×