Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-июль
Чүй

Ысык-Атадагы карылар үйүндѳ өткөн шахмат жана шашки боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды (фото)

Turmush -  Ысык-Ата районундагы Тѳмѳнкү-Серафимов карылар жана майыптар үчүн социалдык стационардык мекемесинде шахмат, шашки боюнча мелдештер уюштурулду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган мекеменин эмгек инструктору жана маданият кызматкери Назгүл Сейталиева билдирди.

«Бизде жакында Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын күнүнѳ карата шахмат, шашки боюнча мелдештер ѳткѳрүлдү. Белектерди тапшыруу аземине Ысык-Ата райондук администрациясынын жетекчилери келишти. Ошондой эле, «Арашан» тобу келип, концерттик программасын тартуулашты.

Жалпысынан оюнга 25 адам катышып, анын 11 оюнчусу жеңишке жетишти. Шашки боюнча 1-орунду 46 жаштагы Гүлниза Урукова, 2-орунду 62 жаштагы Замир Мамбеталиев, 53 жаштагы Турат Мамытов, 55 жаштагы Турат Сейдинов, 58 жаштагы Сергей Лихач, 63 жаштагы Мурат Мусин, 38 жаштагы Анвар Абдураимов алса, 3-орунга Таалай Назаров, Алмаз Акматов жана Деляра Именахунова татыктуу болушту», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1547
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×