Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Чүй облусу, КЕмин 19.12.2017 16:51

Кеминде ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендердин арасында «Талантыңа таазим» сынагы уюштурулду (фото)

Turmush -  Кемин районунда «Биз биргебиз» аттуу бир айлыктын алкагында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын арасында «Талантыңа таазим» сынагы өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, иш-чара Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын демилгеси менен өткөрүлүп, ал жергиликтүү бийлик тарабынан каржыланды. Сынакка жалпы 50 адам катышып, анын жыйырма беши шашки, тогуз коргоол ойноп, армрестлинг, ыр, бий, сүрөт тартуу сынактарында ат салышты. Жеңүүчүлөр диплом, баалуу белектер менен сыйланышты. Ошондой эле, катышуучуларга жарым тоннадан көмүр тапшырылып, ысык тамак берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×