Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-январь
69.34    85.18    1.23    KZT 0.21
Чүй

«Жеңеке»: Көшөгөдөгү Айпери кайын журту менен бийге түшүп, алардын каада-салтына таң калды (фото)

Turmush -  Айпери Жеңишбекова бир топ жылдан бери кол өнөрчүлүк менен алектенет. Ал Ысык-Кѳлдүн Темиров айылына турмушка чыгып, кайын журтунун үй-бүлѳлүк салттарын кѳрүп таң калган. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Айпери Жеңишбекова Чүй облусунун Чүй районуна караштуу Дѳң-Арык айылында 1995-жылы 14-февралда тѳрѳлгѳн.

«Кайын журтумдун үй-бүлѳлүк жакшы салттары бар экен. Мен жаңы келин болуп барганда кѳшѳгѳдѳ отурдум. Ал учурда сыртта музыка коюлуп, элдер тойлоп жаткан. Бир маалда мени да бийге чакырып калышты. Жаңы келген келин үчүн бул ыңгайсыз деп, уялганымдан чыкпай койдум. Бирок кайын журтум сүйрѳп, эшикке алып чыгышты. Кѳрсѳ бул алардын үй-бүлѳлүк салты экен. Мындайча айтканда жаңы келин менен бирге бийлешет экен. Биздин той абдан кызыктуу жана кѳңүлдүү ѳткѳн», - деди ал.

Айпери жеңе бош убактысында кол ѳнѳрчүлүк менен алектенип, ар кандай буюмдарды жасайт.

«Мен кол ѳнѳрчүлүккѳ бала кезден бери кызыгам. Кандайдыр бир буюмду жасап баштаганда эле ой жүгүртүүм күчѳп, иштей баштайм. Кичине кезимден эле тайларыма жакын элем. Ошол тай жактарымдан ушул кол ѳнѳрчүлүктүн баарын үйрѳндүм. Ар кандай материалдан, шурудан, кийизден, кагаздан белектерди жасайм. Студент кезде биринчи эмгегимди 150 сомго саткам. Азыр буйрутма болуп калса, жасап калам. Баасы ар кандай, жасала турган буюмдун татаалдыгына жана материалдын кымбаттыгына жараша. Кѳбүнчѳ жасаган буюмдарым белек катарында кетет.

Мен ѳзүм Дѳң-Арык айылындагы Калча орто мектебин аяктап, андан соң Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин алдындагы колледжде башталгыч класстардын мугалими кесибин алып чыккам», - деди ал.

Айпери жеңе жолдошу менен бирге бир кызды тарбиялап жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 10933
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×