Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-январь
69.34    85.18    1.23    KZT 0.21
Чүй

Кеминде 11 маалыматтык-автоматташтырылган күркө ачылды

Turmush -  Чүй облусунун Кемин районунда 11 маалыматтык-автоматташтырылган күркө ачылды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Маалым болгондой, күркөлөр «Таза коом» улуттук программасынын ЗАГС, паспорт менен камсыз кылуу бөлүмү, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгы боюнча мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө ылайык ачылды.

Кемин районунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары Н.Шаршеналиев күркөлөрдөгү көйгөйлөр менен таанышуу максатында аларды кыдырып чыкты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 623
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×