Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Чүй облусуАламүдүн району 15.12.2017 17:24

«Жезде»: 17 жашында кайын журтка эрке күйөө бала болгон Сейитбек 8 жылдан бери көк бөрү ойнойт (фото)

Turmush -  Көк бөрү боюнча командасы менен бирге Кыргызстандын 4 жолку абсолюттук чемпиону болуп, КРдин президентинин кубогун 4 жолу жеңип алган Анарбек уулу Сейитбек учурда кайын журтунун эрке күйөө баласы. Ал улуттук көк бөрү оюнуна 8 жылдан бери катышып келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Сейитбек Арашан айылына караштуу Стрельникова атындагы орто мектебинен билим алган.

«Келинчегим үйдүн кичүүсү болгондуктан, кайын журтума эрке күйөө баламын. Мындан улам каада-салт боюнча кулагымды эч ким чойгон эмес.

Күйөө балдарга кайын журтту сыйлаш керек деп айтар элем. Эки жакка тең караш керек. Келинчегиңден да аларды жакшы сыйлаш керек. Кызды ошол кайын журтуң тарбиялап, андан кийин сага берип жатат да.

Эрте эле, 17 жашымда үйлѳнгѳм. Бирок эрте үйлѳнүүдѳн коркуу сезим деле болгон эмес. Жаш үйлѳнсѳм да эртеңки күндү терең ойлондум. Келинчегим экѳѳбүз бир айылдан элебиз. Кайын ата, кайын апам менин аяш аталарым болот. Мурда киришип-чыгышып, катышып жүрчүбүз. Ошону үчүн болсо керек, кайын журтка алгач барган күнү коркуу сезими болгон эмес», - деди ал.

Сейитбек үй-бүлѳдѳ 4 бир туугандын улуусу.

«Келечекке максаттарым кѳп. Аларга жетүү үчүн талыкпай эмгектенип жатабыз. Жашоодо ѳкүнгѳнүм — ата-энемдин эрте ѳтүп кеткени. Бир туугандарым, жоро-жолдошторум, келинчегим, уул-кызым жанымда күлүп жүргѳнүнѳ кубанычтамын», - деди ал.

Анарбек уулу Сейитбек 1992-жылы Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Арашан айылында тѳрѳлгѳн. Учурда келинчеги экѳѳ 1 уул, 1 кызды тарбиялап жатышат.

«Мен көк бөрүгө катышканыма 7-8 жылдай болуп калды. Кыргызстандын 4 жолку абсолюттук чемпиону, КРдин президентинин кубогунун 4 жолку ээси болдук. 2013-жылы Азия чемпионатында 2-орунду алып, күмүш медалга ээ болгонбуз. 2014-жылы Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында 1-орунду, 2016-жылы да Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында 1-орунду алганбыз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×