Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-январь
69.34    85.18    1.23    KZT 0.21
Чүй

Айыл турмушу: Экс-министр Султан Раевдин унаасын сурап кеткен Салтанат айым аны 2 саат күттүргөн (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Ысык-Ата райондук маданият бɵлүмүнүн башчысы Салтанат Мамбетмусаева бир топ кызматтарда эмгектенип, мамлекеттик сыйлыктардын ээси болду. Ал эмгек жолун Люксембург айылындагы Я.Я. Ваккер атындагы орто мектебинде немис тилчи мугалим болуп баштаган. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, мурунку министр Султан Раевдин автоунаасын 2 саатка сурап, айдоочусун убара кылган.

«Жумуш үстүндѳ кѳп эле эсте калган окуялар болот. 2008-жылы Ч.Айтматовдун 80 жылдыгына карата эл аралык конференция ѳткѳргөнбүз. Анда мен иш-чараны өткѳрүү штабында мүчѳ болуп, Улуттук илимдер академиясында ѳтүүчү тегерек столдун координатору элем. Шаардагы мейманканалардын биринде жайгашкан чет элдик конокторго маалымдамаларды таратып бериш үчүн кеңседен материалдарды алып, 5-кабаттан лифт аркылуу шашып түшүп келе жаткам. Бир маалда 1-кабаттан мурунку маданият, маалымат жана туризм министри Султан Раев менен катуу кагышып алдым. Ал кишинин маданияты абдан жогору эмеспи, шашып кетип эле "ой, Салтанат кайдан, эмне керек?» десе эле мен дагы тартынбай туруп "унааңызды 2 саатка берип туруңузчу" дедим. Ал киши күлүп эле «алыңыз, мен бул жакта чай ичип турайын» деп уруксат берди. Ошентип министрдин жеке шоопурун 2 саат ары-бери айдатканбыз», - деди ал.

Салтанат Мамбетмусаева 1983-1993-жылдары Ат-Башы районунун Казыбек айылындагы Н.Yсөналиев атындагы орто мектебинен билим алып, 1993-1997-жылдары И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин чет тилдер факультетин аяктаган. Андан соң 2000-2002-жылдары Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетинен билим алган.

1999-жылдан 2002-жылга чейин И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин алдындагы Чет тилдери жана компьютердик технологиялар боюнча адистерди даярдоо окуу борборунда катчы-референт, окутуучу болуп иштеген. 2000-2007-жылдар аралыгында Президенттин алдындагы мамлекеттик башкаруу академиясына караштуу мекемесинин администратору, кеңсе-менеджери болуп иштесе, 2008-жылдын январь-июнь айларында Саясий документациялардын Борбордук мамлекеттик архивинин инженер-программисти болуп эмгектенген. Ошол эле 2008-жылдын июль айынан баштап 2016-жылдын октябрь айына чейин Маданият, маалымат жана туризм министрлигинде башкы адис болуп, 2016-жылдан азыркы күнгѳ чейин Ысык-Ата райондук маданият бɵлүмүнүн башчысы болуп эмгектенип келе жатат.

Салтанат айым үзүрлүү эмгектеринин арты менен бир топ мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланган. Мисалы, президенттин администрациясынын, Башкаруу академиясынын ардак грамотасы, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин ардак грамотасы жана «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгиси, Мамлекеттик кадр кызматынын грамотасы менен сыйланып, Күлүйпа Кондучалова атындагы республикалык сыйлыктын лауреаты, ошондой эле Кыргызстан аялдар конгрессинин грамотасына татыктуу болгон. Мындан тышкары анын мамлекеттик кызматтын 3-класстагы инспектордук чини бар.

Учурда Салтанат айым эки баланын бактылуу апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 6456
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
Ray-Ban
17:24, 15 декабря 2017
F
Нет аватара
Sam100
14:45, 15 декабря 2017
Жетекчилердин баары ушундай жонокой жана Элдик киши болгон до, мамлекетибиз башкача болмок! Султан Раев мыктысыз! Жонокой учун Кудайым анын адабияттагы абройун дуйнолук денгээлде которуп атат!
Нет аватара
Sam100
14:42, 15 декабря 2017
Азаматсыз Салтанат айым! Султан Раев жонокой, мыкты инсан! Башкасы болгондо унаасын бермек эмес жана Салтанат айым да сурамак эмес да.
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×