Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-июль
Чүй

Өспүрүмдүн аянычтуу өлүмү: Теңтуштары өлтүрүп, капчыгайга таш менен жашырып кетишкен

Turmush -  Чүй облусунун Кемин районундагы адам өлтүрүүгө байланышкан кылмышка жаш жигиттер шектелип жатат. Бул оор кылмыш тууралуу бүгүн, 14-декабрда Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүдө айтылгандай, 2017-жылы 11-декабрда Кемин РИИБге Токмок шаарынын тургуну (аял киши) 2000-жылы туулган уулу О.Н. дайынсыз жоголгонун билдирген.

Анын айтымында, уулу 9-декабрда үйүнөн чыккан бойдон кайтып барган эмес. Ал эми, туугандары өспүрүм уулун белгисиз адамдар уурдап кеткени тууралуу маалымат уккан. Бул факты боюнча Кемин РИИБ менен Чүй ОИИБдин тажрыйбалуу кызматкерлери ыкчам чараларды көрүп, КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги 123-берене (адам уурдоо) боюнча кылмыш иш козголгон. Ыкчам аракеттердин натыйжасында оор кылмыш болгону ачыкка чыгып, адам өлтүрүүгө шектүү 17 жаштагы бала кармалган. Териштирүү иштеринин улантылышы менен оор кылмышка 7 адамдын тиешеси бар экени аныкталды. Алардын арасында мектептердеги жогорку класстардын окуучулары, колледждер менен жогорку окуу жайлардын студенттери да бар.

Алдын ала маалыматтарга караганда, адам өлтүрүү фактысы теңтуштардын арасындагы уруштун айынан келип чыккан. 9-декабрда өлтүрүлгөн өспүрүмдүн теңтуштары менен болгон чыр анын ур-токмокко алынышына себеп болгон. Теңтуштарынын бири өспүрүмдүн моюн жагына курч буюм менен уруп жиберген, андан соң алар жабырлануучуну шарф менен муунтушкан. Анын кесепетинен өспүрүм бала катуу жаракат алып, ошол жерден каза болгон. Бул окуянын изин жаап-жашыруу үчүн, теңтуштары маркумду капчыгайга алып барып, денесин таш менен жашырышкан. Андан соң, маркумдун теңтуштары үйлөрүнө качып кетишкен.

Милиция кызматкерлери өспүрүм жигиттин денеси кайсы жерде катылгандыгын аныктап, 17 жаштагы О.Н.ди Кемин шаарынан алыс эмес жайгашкан капчыгайдан табышкан.

Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин (адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык жана башка тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Кемин РИИБдин жана Чүй ОИИБдин кызматкерлери тарабынан көрүлгөн чаралардын негизинде кылмышка шектүү делген 17 жаштагы Т.М., 18 жаштагы Н.И., 17 жаштагы Б.М., 16 жаштагы Б.А., 18 жаштагы Ж.А., 17 жаштагы Р.Б., 17 жаштагы Ж.К. аттуу балдар кармалышкан. Учурда алар Кемин РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 12520
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×