Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-январь
69.34    85.18    1.23    KZT 0.21
Чүй

Кантта Улуттук адабият күнү белгиленди

Turmush -  Кант шаарынын электр тармактары ишканасында 12-декабрь — Улуттук адабият күнүнө карата кыргыз тили бөлмөсү ачылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Ысык-Ата райондук маданият бөлүмүнүн жетекчиси Салтанат Мамбетмусаева билдирди.

Анын айтымында, бөлмөнү жасалгалоо күз мезгилинин башында башталган.

«Улуттук адабият күнүнө карата жана быйылкы Ыйман, адеп жана маданият жылынын алкагында ишканада кыргыз тили бөлмөсү ачылды. Иш-чара тегерек стол менен башталып, ага электр тармактарынын борбордук аппаратынын өкүлдөрү катышты. Иш-чара саат 11:00дө башталып, 3 саатка созулду. Кыргыз тил бөлмөсүн жасалгалоо РЭСтин кызматкерлери тарабынан бүткөрүлдү», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 720
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×