Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Баракелде, Бишкек 08.12.2017 00:39

9-декабрга чейин Бишкек менен Чүйдүн айрым көчөлөрүндө унаалар өткөрүлбөйт (карта)

Turmush -  Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун айрым көчөлөрүндө 6-декабрдан баштап 9-декабрга чейин транспорттордун кыймылы убактылуу токтотулат. Бул тууралуу ИИМдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалым болгондой, унаа кыймылын токтотуу Түрк тилдүү өлкөлөрдүн ассамблеясынын кеңеши жана 7-пленардык отурум менен байланыштуу.

Транспорттордун кыймылы убактылуу чектелген унаа жолдордун тилкелери:

- «Манас» аба майданынан баштап Бишкек шаарынын чегине чейин;

- Бишкек шаарынын чегинен (Фучик көчөсү боюнча) баштап Жибек Жолу көчөсүнө чейин;

- Фучик көчөсүнөн баштап Жаш Гвардия бульварына чейин (Жибек Жолу көчөсү менен);

- Жибек Жолу көчөсүнөн баштап Чүй көчөсүнө чейин (Жаш Гвардия бульвары боюнча);

- Фучик көчөсүнөн баштап Абдрахманов көчөсүнө чейин (Чүй көчөсү боюнча);

- Манас, Чыңгыз Айтматов көчөсүнөн резиденцияга чейин;

- Фрунзе көчөсүнөн баштап Бөкөнбаев көчөсүнө чейин (Абдрахманов көчөсү боюнча);

- Чүй көчөсүнөн баштап Бөкөнбаев көчөсүнө чейин (Эркиндик бульвары боюнча);

- Шабдан Баатыр көчөсүнөн баштап Садырбаев көчөсүнө чейин (Масалиев жана Токомбаев көчөлөрү боюнча);

- Масалиев көчөсүнөн баштап Ахунбаев көчөсүнө чейин (Тыналиев көчөсү боюнча).

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×