Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Чүй

Айыл турмушу: 59 жаштагы Р.Калилова 35 жылдан бери эл агартуу тармагында үзүрлүү эмгектенип келет (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Чүй районуна караштуу Токмок шаарынын 59 жаштагы тургуну, ардактуу мугалим Раписа Калилова 35 жылдан бери эл агартуу тармагында үзүрлүү эмгектенип келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Мен Чүй районундагы Кара-Дѳбѳ орто мектебин 1976-жылы аяктагам. Мектеп курагымда эле мугалим болууну кыялданчумун. Бизге сабак берген эжей-агайларга суктанып, мен да окуучуларды ушинтип окутсам дечүмүн. Ошол бала кездеги тилегиме жеттим. Эмгек жолум 1982-жылы Бишкектеги №5 улуттук компьютердик мектеп-гимназиясындагы 5-класстарга класс жетекчи болуп башталды. Андан кийин Бишкек шаарындагы №67 орто мектеби ачылып калып, классым менен чогуу жаңы ачылган мектепке которушкан. Анткени улуу муундагы мугалимдер жаңы ачылган мектепке барбайбыз деп, бизге окшогон жаш мугалимдерди классы менен чогуу жиберишкен. Ал жакта 1991-жылга чейин эмгектенип, андан кийин жолдошумдун жумушу менен Ысык-Кѳл облусунун Түп районуна барып, ошол жактагы мектепте мугалим болуп калдым. Жолдошум каза болгондон кийин кайра Чүйгѳ тѳркүнүмѳ келүүгѳ туура келди. 1995-жылдары Чүй районунун Токмок шаарындагы №5 кыргыз мектепке мугалим болуп жумушка орношуп, ошондон бери эмгектенип келем. Жалпы эмгек стажым 35 жыл болду», - деди ал.

Ардактуу мугалим окуучуларды жан дили менен окутканды жактырат.

«Окуучуларыма жан дилим менен сабак берүүнү жактырам. Бир теманы жѳн эле окутуп койбой, ошол теманын тегерегинде ой жүгүртүүчү оюндарды, машыгууларды уюштуруп, оюндар менен бирге алардын кѳз карашын билип, анын натыйжасында ар кандай усулдук ыкмаларды сунуштап окутуп келем.

Мектеп менен үйдүн жумушун айкалаштырып, экѳѳнѳ тең жетишкенге аракет кылам. Ѳзүм үзүрлүү эмгектин арты менен бир топ ийгиликтерге жетиштим. Райондон, Чүй облусунан, Токмок шаарынын мэриясынан, Билим берүү министрлигинин, Президенттин алдындагы мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын ардак баракчалары менен сыйланып келдим. Мугалимдердин 2-съездинин делегаты да болгом», - деди ал.

Раписа Калилова 1958-жылы 5-декабрда Чүй облусунун Чүй районуна караштуу Кош-Коргон айылында тѳрѳлгѳн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 307
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×