Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Чүй

Жаш талант: 15 жаштагы саймачы Назиктин эмгектери мектептин көргөзмөсүнө коюлат (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Чүй районуна караштуу Токмок шаарынын 15 жаштагы тургуну Назик Кулубекова кол ѳнѳрчүлүк менен алектенип, шахмат боюнча мелдештерге катышып келет. Келечекте мыкты тиш доктур болгусу келген жаш талант менен аймактык кабарчы таанышты.

«Мен Токмок шаарындагы №5 орто мектебинин 9-классында билим алып келем. Ѳзүм сайма сайганды билем. Ошол кол ѳнѳрчүлүгүм менен ар түрдүү кооз буюмдарды жасай алам. Мындан сырткары чийүү сабагын жакшы көрөм. Шахмат, нарда ойногонду, сууда сүзүүнү жактырам. Шахмат боюнча мелдештерге катышып турам. 2015-жылы Токмок шаарында ѳткѳн мелдеште 3-орунду алгам.

Ал эми саймадан жасаган буюмдарым мектептин кѳргѳзмѳсүнѳ коюлган. Бош убактымда англис тилинен ийримге катышып, кошумча тил үйрѳнүп келем. Келечекте кудайым буюрса, тиш доктур болсом деген тилегим бар», - деди ал.

Назик Кулубекова Ысык-Кѳл облусунун Тоң районунда 2002-жылы тѳрѳлгѳн. Үй-бүлѳдѳ 2 бир туугандын улуусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 335
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×