Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Чүй

Фото - Кош бойлуу жубайы менен эжесинен ажыраган А.Амантаев жакындары менен нааразычылык акциясына чыкты

Turmush -  Сокулук районунун Новопавловка айылында плита баскан үйдүн жабырлануучулары жана аталган кырсыктын кесепетинен каза болгондордун жакындары бүгүн, 6-декабрда Бишкек шаарындагы Свердлов райондук соттун алдына нааразычылык акциясына чыгышты. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Кош бойлуу жубайы менен эжесинен ажыраган Асхат Амантаевдин айтымында, эртең сотто крандын айдоочусунун иши каралып, ал үй камагына чыгарылышы мүмкүн.

«Тергѳѳ иши жүрүп жатат. Кѳрсѳтмѳлѳрдү алды. Крандын айдоочусу Жалал-Абад облусунун 34 жаштагы тургуну А.Ниязбектин ишин ѳзгѳртүү боюнча эртең сот иши жүргѳнү жатат. Биздин укканыбыз боюнча, аны үй камагына чыгарганы жатышат. Ал эми, плита чыгарган ишкананын тергѳѳ иштери али аяктай элек. Мамкурулуштун экспертизасы эртең, бүрсүгүнү деп жатып, 5-6 жумадан бери жыйынтык чыга элек», - деди ал.

Асхат Амантаев буга чейин ооруканада жаткан таенесин үйүнө чыгарып келип өзү дарылап жаткан.

Анын таенеси Гүлайым Шаршебаева Бишкек шаардык Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда дарыланып жаткан болчу.

«Мен ѳзүм дарыгермин. Апамды ооруканадан канааттандырарлык карашкан жок. Ошол себептен 17-ноябрда үйгѳ чыгарып келдим. Апамдын абалы дагы деле оор. Денесинде кѳп жаракаттары бар жана колдору, кабыргалары сынган. Ичинде ачык жараты бар.

Тергѳѳ иштери жүрүп жатат деп айтып жатышат. Бирок менден эч нерсе сурап, эч кандай кѳрсѳтмѳ алышкан жок. Алар «колуңан эмне келет» деген мамиле жасап жатышат. Мен түшүнүп жатам, бетон чыгарган фирма акчанын күчү менен ачыкка чыкпай жатат. Биз ал фирманы, ээси ким экенин баарын четинен билип жатабыз. Жактоочу жалдадык. Эми кандай болот кѳрѳбүз», - деди ал.

Гүлайым Шаршебаева 1941-жылы Ысык-Кѳл облусунда тѳрѳлгѳн. Учурда 2 уул, 1 кызы жана 10 небереси бар. Өз кезегинде бир топ жыл дарыгер болуп эмгектенген.

Сокулук районунун Новопавловка айылында курулуп жаткан үйдөн плита түшүп, кошуна үйдү басып калган. Анын кесепетинен 26 жаштагы келин каза болуп, 5 адам — 1 эркек киши, 3 аял, 1 жаш кыз жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Ал эми, 16-ноябрда ооруканада жаткан 45 жаштагы Динара Амантаева каза болгон эле.

346356.fe2119e38d9841f7e6ec3c2094b9ce00

Аскаттын айтымында, эжеси Динара Амантаеванын бутуна операция жасалмак. Анын артында эки кызы калды. Бир кызы аталган кырсыктан жаракат алып, өзү менен чогуу ооруканада дарыланып жаткан.

Акыркы маалыматтарга караганда, Д.Амантаева Бишкектеги №4 шаардык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Каза болгон 26 жаштагы келин Нарын облусунун Ак-Талаа районунан эле. Жолдошу Аскаттын айтымында, алар 3 жыл мурун үйлөнүп, Наргиза кош бойлуу болгонун мындан 1 ай мурун билишкен.

Наргиза 1991-жылы Кара-Бүргөн айылында төрөлүп, ошол айылда өскөн. 9-класска чейин М.Базаркулов атындагы орто мектепте окуп, андан соң ата-энеси менен Чүй облусуна көчүп келишкен. Наргиза үч бир туугандын улуусу. Өзүнөн кийин эки иниси бар. Айылдаштарынын айтымында, ал мектепте жакшы окуган жана тың кыздардын бири болгон.

Буга чейин Turmush басылмасы окуя 11-ноябрда болгонун маалымдаган. 

Turmush басылмасын кабарчысы кырсык болгон жердеги абалга күбө болуп келди. Маалым болгондой, 6 адам чай ичкени отурушкан. Каза болгон келиндин бир тууган кайын агасы Данияр Амантаевдин айтымында, алар 78 жашка толгон чоң эненин туулган күнүн белгилөө үчүн чогулушкан.

«Көз жумган келинибиз Наргиза дасторконун даярдап, жаңы чайга отурганда плита үйдү басып калды. Ошол учурда анын жолдошу эшикте жүргөн. Алар жаңы үйлөнүшкөн болчу. Учурда апабыз Ш.Гүлайым, 1994-жылы төрөлгөн А.Айтурган жандандыруу бөлүмүндө жатат. Ал эми, А.Динаранын буту сынды.

Кошунабыздын туугандары эч кандай коопсуздукту сактабай курулуш жүргүзүп жаткан. Ал эми, үйдүн ээлери учурда Россияда», - деди Д.Амантаев.

Ал жеңил жаракат алып, ооруканага жаткан жок.

Окуядан кийин крандын айдоочусу камакка алынганы маалым болгон.


Тема боюнча: Чоң эненин туулган күнүндө келини каза болду: Крандын айдоочусу камакка алынды

Плита басып көз жумган кош бойлуу Назира менен жолдошу 3 жылдан бери бала күтүп жүрүшкөн (фото)

Плита баскан кырсык: Кош бойлуу жубайы менен эжесинен ажыраган Асхаттын өкмөткө видео кайрылуусу

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 6235
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×