Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Чүй

Кара-Балтада каргалардын массалык өлүмү катталды

Turmush -  Кара-Балта шаарында каргалардын массалык өлүмү катталды.

Маалым болгондой, бүгүн, 6-декабрда эртең менен кара-балталыктар шаардагы бир сейил бактан өлгөн каргаларды табышкан. Тургундар бул канаттуулар сууктан тоңуп калышы мүмкүн деген божомолдоолорун айтышууда.

Жайыл райондук ветеринардык башкармалыгынын жетекчиси Насыпбек Мураталиевдин Turmush басылмасына берген маалыматына караганда, Жайыл району боюнча канаттуулар арасында эч кандай вирустук жана инфекциялык жугуштуу оорулар катталган эмес. Каргалардын массалык өлүмү аба ырайынын кескин өзгөрүшү менен байланыштуу болушу мүмкүн.

«Канаттуулардын өлүмү ачкачылыктан же аба ырайынан болушу мүмкүн. Мисалы, биздин аймакта чума же канаттуулар тумоосу сыяктуу жугуштуу оорулар жок. Биздин райондо вирустук ооруларды иликтеген атайын лаборатория жок, ал Бишкекте эле. Ошондуктан мындай канаттуулар республикалык лабораторияга жиберилет», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1390
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×