Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Чүй

«Жеңеке»: Кайненесин «эже» деген Айзаттын жолдошу анын ордуна уй саачу (фото)

Turmush -  «Жеңеке» рубрикабыздын кезектеги каарманы — Чүй облусунун Москва районунун 26 жаштагы тургуну Айзат Каныбек кызы.

Айзат жеңе жолдошу Эдил менен 2012-жылы баш кошкон.

«Ѳзүмдүн бала кезим Тоң районундагы Кызыл-Омпол айылында өттү. Азыр бул айылда киши жашабайт. Кийин ал Балыкчы шаарына өткөн. 5-класста же 6-класста окуп жаткан кезде Бишкек шаарына кѳчүп кеттик. Ѳзүм 2 бир туугандын кичүүсүмүн. Менден улуу агам бар», - деди ал.

Айзат Каныбек кызы турмушка жаңы чыкканда жолдошу уйду саап, ал эми өзү сарайдан уй сааган киши болуп, чака кѳтѳрүп чыгып калганын айтып берди.

«Жаңы келин болуп барганда кѳп нерсеге кѳнѳ албай жүрүп араң кѳндүм. Кайын энем менен кайын атам жакшы кишилер. Апамды дайыма "эже" деп алып, уялып калчумун. Жолдошум болсо менин кѳп кемчилигимди жаап кетчү. Башында уй сааганды билбей жүрүп, кийин үйрѳндүм. Ошондо жолдошум уйду саап, мен болсо чака кѳтѳрүп сарайдын артынан чыгып калчумун.

Жолдошум абдан мыкты киши. Чечкиндүү, жоопкерчиликтүү. Экѳѳбүз 2-3 жыл кыз-жигит болуп сүйлѳшүп жүрүп үйлѳнгѳнбүз. Ал 1987-жылы Чүй облусунун Москва районуна караштуу Беловодск айылында тѳрѳлгѳн», - деди ал.

Айзат жеңе жолдошу Эдил менен учурда 1 уул, 1 кызды тарбиялап, үчүнчүсүн күтүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2211
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×