Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Чүй

Баласын тепкен Б.Адиев Мамкаттоонун Сокулуктагы жетекчисинин орун басарлыгынан бошотулду

Turmush -  Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоев 4-декабрдагы буйруктун негизинде 2 жаштагы баласын тепкен Бариер Адиевди ээлеген кызматынан бошотту. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ал Сокулук районунун жерге жайгаштуруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын жетекчисинин орун басары кызматын аркалап келген. Б.Адиев Эмгек кодексинин 83-беренесинин 8-пунктунун негизинде кызматынан бошотулду. Ошондой эле, анын кызматынан алынышына Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин жүрүм-турум боюнча комиссиясынын отурумунун протоколу жана Сокулук районунун жерге жайгаштуруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын жыйналышы негиз болду. 83-берене - Иш берүүчүнүн демилгеси боюнча эмгек келишимин бузуу 8) тарбиялоо иш-милдетин аткарган кызматкер бул ишти улантууга туура келбеген моралга жат иштерди жасашы.

Окуя тууралуу

Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, эркек киши наристени тээп жаткан тасма социалдык түйүнгө жарыялангандан кийин Октябрь РИИБдин кызматкерлери ыкчам издөө иш чараларын жүргүзүп, ал адамдын өздүгүн тактап жана башкармалыкка алып келишкен.

Буга чейин белгисиз адам кичинекей балага ырайымсыз мамиле жасап, аны тээп жаткан тасма социалдык түйүнгө жайылган. Тасма болжол менен Бишкектин Улан-2 кичи районунда тартылган. Социалдык түйүндүн колдонуучулары укук коргоо органдарынан жана социалдык кызматтан аталган фактыны текшерип, кичинекей баланы тепкен эркек кишини жазалоону суранышкан.

Кийинчерээк 2 жаштагы баланы катуу тепкен Бариер Адиев Сокулук районунун Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчисинин орун басары экендиги аныкталган. Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына караганда, түзүмдүн жетекчиси Дастан Догоев аны кызматынан кетирүү боюнча тапшырма берген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2883
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×