Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Чүй

Айыл турмушу: Кийизге В.Путиндин, Ш.Миризёевдин сүрөтүн түшүргөн К.Асаналиева атактууларды коллекциялап жатат (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Кемин районунун 64 жаштагы тургуну Канымбүбү Асаналиева белгилүү адамдардын элесин кийиздин үстүнө түшүрүп, портреттерди тартат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Жети-Өгүз районунун Барскоон айылында төрөлгөн. 1994-жылы Кемин районуна көчүп келген. 2016-жылы өткөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышкан.

«1977-жылы Чуйков атындагы көркөм институтту аяктагандан кийин мектепте мугалим болуп 27 жыл иштедим. Кийин аскердик коммиссариатта 7 жыл эмгектенип, өргүүгө чыктым. Кичинекей кезимден бери боек менен сүрөт тартып, табияттын сүрөтүн тартууга кызыкчумун. Учурда портреттерди тартам. Майрамдарга жана тойлорго буйрутма берип жасатышат. Өзүм менен 2 неберем жашайт. Алар мага жардам беришет. Боек менен кийиздин үстүнө белгилүү адамдардын сүрөтүн тартып, жип менен бастырып чыгам.

Эмгектеримдин арасында Ш.Миризёевдин, Курманжан датканын, В.Путиндин жана башкалардын сүрөттөрү бар. Бирок буларды сатпайм, учурда коллекция кылып жатам. Келечекте кароо-сынактарга катышып, эмгектеримди чыгарсам деген ойлорум бар. 2016-жылы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жана көргөзмөлөргө катыштым. Билген нерселеримди жаштарга үйрөтүүнү пландап жатам», - деди ал.

Кол өнөрчү 5 баланын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2744
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×