Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Баракелде

А.Атамбаев эс алуудан кийин Кыргызстанга келди

Turmush -  Бүгүн, 4-декабрда экс-президент Алмазбек Атамбаев эс алуудан кийин Кыргызстанга келди.

А.Атамбаев 20-ноябрда акыркы маалымат жыйынын берип жатканда Сооронбай Жээнбековдун ант берүү аземинен кийин дароо эс алууга кетерин билдирген.

«Акыркы 6 жылдан бери жумуштан абдан чарчадым. Инаугурациядан кийин дароо 2 жумага эс алууга кетем. Бирок мага жаңы шайланган президентке кеп-кеңештерди айтып турууну сунуштап жатышат», - деген экс-президент.

Белгилүү болгондой, ал ант берүү аземинен кийин бир нече күн өткөн соң эс алууга учуп кеткен. Бүгүн ал Азия өлкөлөрүнүн биринен эс алуудан келди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 11454
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
savat
15:12, 05 декабря 2017
А фото откуда?
Көп окулду
×