Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Чүй

Айыл турмушу: 24 жаштагы мугалим П.Орозбекова мектепте директордун орун басары болуп эмгектенет (фото)

Turmush -  Ысык-Ата районунун Буденовка айылынын 24 жаштагы тургуну Перизат Орозбекова мектепте директордун тарбия иштери боюнча орун басары болуп эмгектенет. Ал ѳзүнүн окуучуларын кароо-сынакка, майрамдык иш-чараларга активдүү даярдайт. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Буденовка орто мектебинде англис тилинен сабак берип келем. Быйыл сентябрь айынан баштап мектепте директордун тарбия иштери боюнча орун басары болуп иштеп келе жатам. Окуучуларымды ар кандай кароо-сынактарга, иш-чара, концерттик программаларга даярдап келем. Ѳзүм окуучулук кезде аябай түнт болчумун. Бирок андай болбош керек экен. Мен эл алдына чыгып сүйлѳгѳндѳн, концерттик программаларга катышуудан тартынчумун, бирок активист болгум келчү. Акырындык менен ар кандай иш-чарага катышып, эл алдына чыгуудан коркпош экенин түшүнгѳм.

Учурда окуучуларыма да ѳзүмдүн практикама карап үйрѳтүп келем. Окуучуларым да абдан шыктуу. Ар дайым бир ойдун үстүндѳ талашып-тартышып, талкуу жаратып келебиз. Ар кандай иш-чарага кѳңүлдүү жана шаңдуу даярданабыз. Мисалы жакында эле Кант шаарында ѳткѳн КВНге катышып, финалга жолдомо алдык. Бул да болсо окуучуларымдын кичинекей ийгилиги. Анткени ага аз эле убакытта даярданып калдык. Бирок, сапаттуу жана маңыздуу номурларды кѳрсѳттүк. Музыкаларды, бийлерди чогуу тандадык. Күн сайын алар менен 2 сааттан даярданып жаттым. Анда окуучулардын, үй-бүлѳдѳ, мектепте, коомдо болгон ролун чагылдырып, кѳрүүчүлѳрдүн купулуна толдук. КВНге 9-класстын 8 окуучусу жана 10-класстын бир окуучусу катышты. Мындан ары да окуучуларымды кароо-сынактарга, иш-чараларга жакшы даярдап, мектебибиздин атын чыгарабыз деген илгери тилек-үмүтүм бар», - деди ал.

Мугалим үй-бүлѳлүү, 1 кыздын апасы.

«Кызым 1 жаш 3 ай болуп калды. Жолдошум куткаруучу болуп эмгектенет. Ата-энем айылда турушат. Ѳзүм тѳрт бир туугандын үчүнчүсүмүн. Байкем укук коргоо органдарында иштесе, эжем экѳѳбүз мугалимбиз. Иним болсо университетте окуйт», - деди ал.

Перизат Орозбекова 1993-жылы Ысык-Ата районуна караштуу А.Токтоналиев айылында тѳрѳлгѳн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1083
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×