Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Чүй

Айыл турмушу: Уста Т.Жамалбеков 6 жылдан бери ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендерге эмерек жасоону үйрөтүп жатат (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районунун 30 жаштагы тургуну Табылды Жамалбеков 6 жылдан бери Жаш майыптар коомунда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жыгач устачылыкты үйрөтөт. Аймактык кабарчы уста менен таанышты.

WhatsApp Image 2017-12-03 at 20.15.44

«Устачылык менен 2008-жылдан бери алектенип келем. Ал эми, бул мекемеге келгениме 6 жыл болду. Алгач Жаш майыптар коомуна уста керек экенин угуп, 2011-жылы аталган мекеменин директору Эрнис байке менен таанышып калдым. Ал мени жакшы кабыл алды. Анан ушул жерде майыптарды устачылыкка үйрөткөн Максат аттуу чебер уста менен чогуу иштешип баштадым. Кийин ал үй-бүлөлүк шартына байланыштуу өзүнүн кичи мекени — Ак-Талаа районуна кетти. Ошол мезгилден бери мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга устачылыкты үйрөтүп келем. Алар бирөөгө көз каранды болбой, каражатты өздөрү таап, кийинки турмушта өз ордуларын таап кетишине жардам бергим келет», - деди ал.

Анын айтымында, окуучулары менен бирге үй эмеректеринин бардык түрүн жасашат.

«Биз үй эмеректеринин бардык түрүн, анын ичинде ашкана, уктоочу бөлмөнүн эмеректерин жасайбыз. Кудай буюрса жакында темир менен иштечү станокторду алганы жатабыз. Бул жердегилерге темир устачылыкты да үйрөтөйүн деп жатам. Учурда устачылыкты 20 бала үйрөнүп жатат. Ал эми, 7 бала ушул жерде жатып иштейт. Алар ордунда отуруп жасашат, бирок оор нерселерди көтөрө алышпайт. Ошондуктан мүмкүнчүлүгү чектелбеген балдар менен иштешебиз. Мисалы, эмеректерди буйрутма бергендерди үйүнө ошол жардамчылар жеткирип берет. Биз жасаган эмеректердин сапаты башкалар сыяктуу эле жакшы. Баасы да өтө кымбат эмес. Кээ бир учурда кардарлар майыптар жасаса кандай болот деп чочулап, буйрутма бербей кетишет. Бирок алардын арасында айрымдары эмерек жасатып, башка эмеректерден айрымасы жок болгонун көрүп, дагы келишет. Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар намыскөй болушат. Жасаган ишибизге сөз тийгизбейли деп, ар бир эмеректи кылдаттык менен жасоого аракет кылышат. Кардарлардын үйүнө барып ченеп-өлчөп кетебиз. Анан тизмедеги материалдарды көрсөтүп, жасалышын айтып, баасын эсептеп беребиз. Эмеректердин баасы ага колдонулган материалдан көз каранды болот», - деди ал.

Устанын айтымында, уктоочу бөлмөнүн эң кымбат эмереги 60-70 миң сомго чейин бааланат.

«Уктоочу бөлмөнүн эмереги 25 миң сомдон өйдө сатылат. Ал эми, эң кымбаты 60-70 миң сомго чейин бааланат. Ашканын эмеректеринин 1 чарчы метри 7 миң сомдон 12 000-15 000 миң сомго чейин сатылат. Өзүм эмеректердин чиймесин чийип берем», - деди ал.

Т. Жамалбеков Нарын районунда 1987-жылы төрөлгөн. Ал жубайы экөө 3 баланы тарбиялап жатат.

«Тапкан каражатым үй-бүлөмдү бакканга жетет. Башка эмерек жасоочу ишканага барсам мындан көп акча алам. Бирок бул жерде мен акчадан мурда көрүнбөгөн, билинбеген сооп алып жатам деп ойлойм», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 337
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×