Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Чүй

Өзүн аткан милиция кызматкери: Бир ай мурун үйлөнгөн Э.Солпиев быйыл Татарстандагы окуусунан диплом алмак (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Кой-Таш айылында жайгашкан ИИМдин сарайынан өзүн өзү атып салган милиция кызматкери мындан бир ай мурун эки жылдан бери сүйлөшүп жүргөн кызына үйлөнүп, үй-бүлө курган. Бул тууралуу маркум Эрлан Солпиевдин атасы Бактыбек Солпиев аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, Ѳзүнүн кесибин жакшы кѳргѳн Эрлан 7 жылдан бери Токмок шаарында ата-энеси менен жашап, күндѳ жумушка таңкы саат 5:00дө кетчү.

«Уулум Чүй облусунун Москва районуна караштуу Беловодск айылында 1992-жылы төрөлгөн. Келинчеги менен үйлѳнгѳнүнѳ 1 ай эле убакыт болгон. Жакында 23-декабрда туулган күнү болмок, анда ал 25 жашка чыкмак. Ички иштер министрлигинен кѳп ардак баракчаларды, медалдарды алган. Ѳзү бала кезде «Ала-Тоо» аянтындагы желек астында турганды жактырчу. Мындан улам «мен да аскер болуп, желек кайтарам» деп айтып калчу. Кийин Улуттук гвардияга ѳтпѳй калып, кѳпкѳ чейин кейип жүрдү. Андан соң, ѲКМге ѳтүп кетип, анда да маанайы жок келген. Ошентип кайрадан аракет кылып жатып Улуттук гвардияга ѳтүп кеткен.

Өзү жумушуна аябай берилип иштечү. Келечегинен кѳптү үмүт кылчубуз. Айбат медалын алган. Орус мектепти аяктаган үчүн иш кагаз жагынан да билимдүү болчу», - деди ал.

Бактыбек Солпиевдин билдиргенине караганда, уулу быйыл Татарстан Республикасынын Казань шаарындагы аскердик окуу жайдын юридикалык факультетин аяктамак.

«Токмоктон саат 5:00дө туруп алып, жумушка шашып кетчү. Жумушун аябай сүйүп, 2010-жылдан бери күнүгѳ Токмоктон барып келип иштечү. Жакшы уулум бар эле. Ушундай болуп калды.

Биздин колубузда далил жок, жѳндѳн жѳн эле бирѳѳнү күнѳѳлѳй албайбыз. Эч кимге доомат кое албайбыз. Аны бир гана кудай билет! Балким бул кырсык болгондур», - деди маркумдун атасы Бактыбек.

Эрлан Солпиев үй-бүлѳдѳ 4 бир туугандын улуусу болгон. Андан кийин студент эки карындашы жана 6 жаштагы кичүү иниси бар.

Окуя тууралуу:

Кой-Таштагы коргоо объектисинин күзөтүндө Ички иштер министрлигинин атайын даярдыктагы полкунун кызматкери өзүн атып салды.

ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, окуя 2-декабрга караган түнү катталган.

Болжолдуу маалыматтарга караганда, спецназчы Калашников мылтыгы менен башына ок аткан.

ИИМдин такталган маалыматына караганда, 1-декабрда болжол менен 19:00дөр чамасында Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Кой-Таш айылында жайгашкан ИИМдин сарайынан Ички иштер министрлигинин атайын даярдыктагы полкунун күзөттө турган кызматкери — милициянын кенже сержанты Эрлан Солпуевдин жансыз денеси табылган.

1991-жылы Чүй облусунда туулган Эрлан Солпуев укук коргоо органдарында 2010-жылдан бери кызмат кылып келген. Чүй ОИИБдин жана Аламүдүн РИИБдин ыкчам-иликтөө тобунун тергөөчүлөрү жана эксперттери аталган окуяны жеринен алдын ала кароо учурунда милиция кызматери өзүнө бекитилген АКМС үлгүсүндөгү курал менен аткан.

«ИИМдин сарайын кайтарууга күзөткө турган нөөмөттөгү милиция кызматкери мылтык менен башына ок аткан», - деп билдиришти аталган түзүмдөн.

Учурда комплекстүү иликтөө иши жүргүзүлүп, аталган окуянын бардык жагдайлары аныкталууда. Ошондой эле тиешелүү материалдар чогултулуп, соттук-медициналык, соттук-биологиялык, соттук-тергөө экспертизалар дайындалды.

ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери аталган куралды иликтеп чыгышат, ошондой эле иликтөө ишинин жүрүшүндө кызматкерлерди атайын даярдыктан өткөргөн полктун жетекчилеринин ишине баа берилет. Кызматтык ишинен кемчиликтерди кетирген жетекчилерге катуу чаралар көрүлөт.

ИИМдин жетекчилиги жана ардагерлер, мындан тышкары ички иштер органдарынын бардык кызматкерлери каза болгон кызматкердин жакын туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 11915
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×