Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Баракелде

Ч.Жалиловду суракка чакырып, экинчи аял тууралуу билдирүүсүн жокко чыгарууга мажбурлашты, - жактоочу

Turmush -  Бишкек шардык ички иштер башкармалыгындагы суракта Чубак Жалиловду экинчи аял тууралуу билдирүүнү жокко чыгарууга мажбурлашты. Бул тууралуу бүгүн, 4-декабрда АКИpress агенттигине анын жактоочусу Акин Токталиев билдирди.

Анын айтымында, 1-декабрь күнү Ч.Жалиловго «Ак-Жол» көзөмөл-өткөрүү пунктунда өлкөнүн аймагынан чыгууга тоскоол болушкан. Алар муну ал издөөдө деген шылтоо менен түшүндүрүшкөн. Андан кийин Ч.Жалилов дарылануу үчүн Чолпон-Атага чыгып кетип, ал жактан Бишкекке алып келишти. Ишемби күнү, 2-декабрда аны суракка чакырышкан.

«Ал экинчи аял алгандыгы тууралуу фактыны жокко чыгаруудан баш тарткан. Ч.Жалилов өзүнүн чечимин көптөгөн чиновниктер жана депуттардын ойношу бар экенине негиздеп, муну мыйзамдаштыруу керектигин айткан. Ошондо ал жөнөкөй факты — кыргыз аялдар чет өлкөлүктөргө турмушка чыгып жатканын айтты. Жалгыз бой аялдар карыганда аларды ким багат?», - деди А.Токталиев.

Ошондой эле, ал Ч.Жалиловдун иш аракети Кылмыш-жаза кодексинин беренесинде (эки же андан көп аял алганда, башкача айтканда, жалпы чарба жүргүзүп, эки же андан көп аял менен чогуу жашоо) каралган жазага кирбейт экенин билдирди.

Аны суракка алынышына Жогорку Кеңештин депутаттары — Эльвира Сурабалдиева жана Аида Касымалиеванын билдирүүлөрү негиз болгон. Учурда Ч.Жалилов эч жакка чыкпоо каты менен үй камагына чыгарылды. Ички иштер министрлиги анын Бишкек ШИИБге сурак берүү үчүн жеткирилгендигин тастыктады.

Ал эми, шаардын милиция башкармалыгы суракка алуу фактысы тууралуу билдирүү жасоодон баш тартты. Алар укук коргоочу Азиза Абдирасулованын Ч.Жалиловдун биринчи аялы менен ажырашпай туруп, экинчи аял алып алгандыгы тууралуу билдирүүсүнүн негизинде текшерүү жүрүп жатканын билдиришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4676
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
ais109
15:36, 07 декабря 2017
Ии ушу Акин Токталиев атактууларга адвокат болгонду жакшы көрөт. Же аны тоготуп коюшсачы... Аскар Акаевге дагы адвокат болуп жүргөн. Жөндүү иш болсо бир жөн, кайдагы курсак деңгээлинде же ычкырдан төмөн ойлонгон адамдардын этегине эрмешип эле басып жүрөт.
Көп окулду
×