Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Чүй

Эки жаштагы баласын тепкен киши Мамкаттоо кызматында 13 жылдан бери иштеп келген

Turmush -  Бишкекте 2 жаштагы баланы тепкен киши Сокулук райондук Мамлекеттик каттоо кызматында 2004-жылдан бери иштеп келет. Алгач катардагы адис катары жумушка кирип, жетекчинин орун басарлыгына чейин кѳтѳрүлгѳн.

Сокулук райондук Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Казыбек Кубатовдун айтымында, аталган кишинин орун басар болуп дайындалганына 3 жыл болгон.

«Үйдѳ кандай ата экенин билбейм. Ал эми жумушта өз ишин жакшы билген адис болчу. Биз бул окуя боюнча эртең менен чукул чогулуш жасап, протоколдорду жетекчилерге жѳнѳттүк. Учурда департаменттин тѳрагасы аны жумуштан кетирүүнү тапшырышты.

Бул окуя эмнеден улам болгонун билбейм. Алтынчы күнү тасма социалдык тармактарга чыга баштаганда ѳзүнѳ чалсам, телефону ѳчүк экен», - деди ал.

Буга чейин Turmush басылмасы 2 жаштагы баланы катуу тепкен Бариер Адиев Сокулук районунун Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчисинин орун басары экендиги аныкталгандыгын маалымдаган.

Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына караганда, түзүмдүн жетекчиси Дастан Догоев аны кызматынан кетирүү боюнча тапшырма берди.

Мурда социалдык тармактарда жерден тура албай жаткан 2 жашар баланы катуу тепкен киши катуу талкуу жараткан. Тасма Бишкек шаарынын Улан-2 кичи районунан тартылганы белгилүү болгон.

Учурда аталган кишини аталык укугунан ажыратууну баланын апасы өтүнүүдө. Бул тууралуу АКИpress агенттигине Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен маалымдашты.

Маалым болгондой, социалдык кызматкерлер ошол эле күнү бул үй-бүлөгө барышкан.

«Бала учурда ооруканада, текшерилип жатат. Анын абалы жакшы. Ал кышкы кийимчен болгондуктан жараат алган эмес», деп билдиришти ведомстводон.

Баланын энеси Асель өзүнүн түшүндүрмөсүндө окуя тууралуу социалдык тармактардан билгендигин жазган.

«Анын айтымында, Эльхан 2015-жылы март айында туулган. 2-декабрда саат 15:00дөн саат 16:00гө чейин Эльхан атасы менен сейилдөөгө чыккан. Саат 18:45тер чамасында окуя тууралуу ал социалдык тармактардан билген. Аялдын айтымында, үй-бүлөдө зомбулук учурлары эч качан болгон эмес. Уулу атасы менен дайыма ойночу, жолдошу ичпейт жана тамеки чекпейт. Ал жолдошу мындай кадамга баргандыгына ишенбейт. Ал күйөөсүн күнөөлөбөйт, бирок аны аталык укугунан ажыратууну өтүнүүдө», - деп билдиришти аталган министрликтен.

Эльхан үй-бүлөдө жалгыз бала болуп саналат. Бул маселе боюнча 3 социалдык кызматкер иш алып барууда.

Баласын тепкен киши

Окуя тууралуу

Милиция кызматкерлери жерде жаткан кичинекей баланы тепкен эркек кишини кармагандынын кабарлаган.

Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, эркек киши наристени тээп жаткан тасма социалдык түйүнгө жарыялангандан кийин Октябрь РИИБдин кызматкерлери ыкчам издөө иш чараларын жүргүзүп, ал адамдын өздүгүн тактап жана башкармалыкка алып келишкен.

Буга чейин белгисиз адам кичинекей балага ырайымсыз мамиле жасап, аны тээп жаткан тасма социалдык түйүнгө жайылган. Тасма болжол менен Бишкектин Улан-2 кичи районунда тартылган. Социалдык түйүндүн колдонуучулары укук коргоо органдарынан жана социалдык кызматтан аталган фактыны текшерип, кичинекей баланы тепкен эркек кишини жазалоону суранышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2488
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×