Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Чүй

Ысык-Атада Майыптардын эл аралык күнүнө карата концерт уюштурулду (фото)

Turmush -  Кечээ, 3-декабрь — Майыптардын эл аралык күнүнө карата Тѳмѳнкү Серафимовка айылында жайгашкан майыптар үйүндѳ Ысык-Ата райондук маданият бѳлүмү тарабынан уюштурулган чоң программадагы концерт коюлду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, концертке Б.Эдигеев атындагы «Арашан» фольклордук ансамблинин райондук маданият үйүнүн, А.Тойтоев атындагы шаардык маданият үйүнүн артисттери жана ошондой эле Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин, К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын студенттери катышты.

Б.Эдигеев атындагы «Арашан» фольклордук ансамблинин жетекчиси Калыс Бектургановдун айтымында, концерт мыкты денгээлде ѳткѳрүлдү.

«Концерт жогорку чеберчиликте ѳтүп, майыптар үйүнүн жашоочуларына майрамдык маанай тартууладык. Концерттин аягында баарыбыз сый тамактын үстүндѳ жылуу маанайда баарлашуу менен чер жазыштык», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 326
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×