Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Чүй

«Жеңеке»: 41 жаштагы М.Мырзадаирова кичинекей кезинде кудалап койгон кошунасына турмушка чыгып, баатыр эне болду (фото)

Turmush -  «Жеңеке» долбоорунун кезектеги каарманы — Чүй облусунун Кемин районунун 41 жаштагы тургуну Махабат Мырзадаирова.

Өзүнүн айтымында, ушул жылы «Баатыр эне» наамын алды.

«1976-жылы Кемин районунда төрөлгөм. Биз кичинекей кезибизде бардык элеттик жашоочулар мал багуу мене алектенип, оокат кылчу. Биз да ошентип күн көрчүбүз. Ата-энем кошунабыз (кайын ата, кайын энеси) менен бирге жолдошум Улан экөөбүздү кудалап коюшуптур. Арадан жылдар өтүп, окуумду аяктап, бүтүрүү кечесинен бир нече күн өткөндөн кийин жолдошум экөөбүз баш коштук. 1994-жылы үйлөндүк. Экөөбүз 23 жылдан бери бири-бирибизге жөлөк болуп, балдарыбызды тарбиялап жатабыз. Жолдошум менден 2 жаш улуу», - деди ал.

Махабат жеңе 6 кыз жана 2 уулдун бактылуу энеси.

«Мен бактылуу энемин. Анткени татынакай болгон 6 кыз, 2 уулдун апасымын. Улуу 2 кызым турмушка чыккан. Азыр кыздарым мага көмөк көрсөтүп турушат. Кичинекей кезимден бери кийим токуп, тигем жана мүмкүнчүлүгүмө жараша айылдагы сынактарга катышканга аракет кылам. Кыздарыма өзүм билген нерселерди үйрөтсөм, алар көптөгөн ийгиликтерге жетишет деген тилектерим барт», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 413
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×