Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Чүй

Кеминдеги бала бакчага 1,4 млн сомго жылытуу системасы орнотулуп жатат (фото)

Turmush -  Кемин районунун Кичи-Кемин айыл аймагындагы «Ак-Тилек» бала бакчасына 1 млн 422 миң сомго жылытуу системасын орнотуу иштери башталды.

Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдиргендей, буга чейин аталган бала бакчада жылытуу системасы болгон эмес. Бала бакчанын имараты электрдик жылыткыч менен жылытылып келген.

2 млн 31 миң сомго тендер жарыяланып, ага 3 фирма катышты. Тендердин жыйынтыгында утуп алган фирма учурда жылытуу системасын орнотуу иштерин жүргүзүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 330
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×