Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Чүй

Жаш талант: Дзюдочу Мирсейит досторун тамаша салып, алардын чачын таз кылып алдыртты (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Чүй районуна караштуу Токмок шаарынын 15 жаштагы тургуну Бактыбек уулу Мирсейит 5 жылдан бери дзюдо менен машыгып, кѳптѳгѳн ийгиликтерге жетишти. Ал досторун тамашага салып, чачтарын таз кылып алдырганын, келечекте ким болорун аймактык кабарчыга айтып берди.

«Мен спорттун дзюдо түрү менен машыгып келе жатканыма 5 жыл болду. Башында атам алып барган. Ошондон бери машыгам. 2014-жылдан бери кѳптѳгѳн мелдештерге катышып, бир топ ийгиликтерди багындырдым. 2014-жылдан 2017-жылга чейин Казакстанда ѳткѳн мелдештерге катышып алдыңкы орундарга илинип келем. Андан сырткары Турцияга, Россияда ѳткѳн мелдештерге барып, алдыңкы орундарды багындырдым.

Учурда Токмок шаардык №5 орто мектептин 9-классында билим алып келем. Мектепте математика, геометрия, кыргыз тили жана кыргыз адабият сабактары жагат. Келечекте спорт чебери жана котормочу болгум келет», - деди ал.

Спортчу дос балдары менен ар кандай күлкүлүү окуяларга туш болот.

«Биз досторубуз менен кѳптѳгѳн кызыктуу жана күлкүлүү окуяларга туш келебиз. Бүгүн эле бир окуя болду. Бирок аны биз атайын жасадык. Бир топ досторубузду тамашага салып «бизди бүгүн военкоматка чакырып жатат, чачыбызды таз кылып алып барышыбыз керек экен» деп айттым. Кѳбү ишенип алып, чачтарын таз кылып алдырышыптыр. Качан гана бул тамаша экенин билишкенде, бизге таарынып калгандары болду. Эми алардан эртең кечирим сурайбыз», - деди ал.

Жаш спортчу Жалал-Абад облусунда 2002-жылы тѳрѳлгѳн.

«Атам Бактыбек Мирпаизов, апам Бааркүл Айтматова. Үй-бүлѳдѳ 3 бир туугандын ортончусумун», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 336
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×