Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Чүй

Жаш талант: Жаштардын көңүл ачуучу оюнуна катышкан А.Карагуловдун командасы алдыңкы орундарды багындырууда (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Кант шаарынын 17 жаштагы тургуну Азиз Карагулов, мектеп арасында ѳткѳн КВНге катышып келет. Ал келечекте «Азия Микс» тайпасына кошулууну көздөөдө. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Мен учурда Кант шаарындагы №2 мектеп-гимназиясынын 11-классында билим алам. Мектепте тарых сабагы жагат. Кичинекей кезимен бери ырдаганды жана бийлегенди жактырам. Кийин «Тамашоу» жаштардын көңүл ачуучу оюнуна катышууга кызыгып, азыр ушул багытта талантымды ѳрчүтүп жатам. Мектеп арасында жана райондо ѳткѳн КВНдерге катышып келем. 14-февраль күнү мектеп аралык КВНден биздин тайпа кубокту утуп алганбыз. Күлкү — ден соолуктун мүлкү дейт эмеспи, ошону үчүн элдерди күлдүргѳндү, ар кандай ролдорду жаратууну жакшы кѳрѳм.

«Тамашоуго» катышып жана Орто Азия боюнча чемпион болуп жүргѳн «Азия Микс» тайпасына кошулсам деген чоң үмүт-тилектерим бар. Ал үчүн талыкпай эмгектенишим керек. Бош убактымда футбол менен машыкканды жактырам. Келечекте элдин сыймыгы болгум келет», - деди ал.

Азиз Карагулов Нарын районунда 2000-жылы тѳрѳлгѳн. Ал үй-бүлѳдѳ 3 бир туугандын улуусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 306
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×