Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-июль
Чүй

Айыл турмушу: С.Исманова жасаган септер Франция жана Кытайга жөнөтүлөт (фото)

Turmush -  Кемин районунун тургуну Салкын Исманова 17 жылдан бери кол өнөрчүлүк менен алектенип, кыздарга сеп жасайт. Анын эмгектерин Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы көрүп келди.

Салкын Исманова 1964-жылы Кара-Булак айылында төрөлүп, Кочкор районуна келин болгон.

«1994-жылы Кемин районуна көчүп келгенбиз. Ал жылдары ооруканада бухгалтер, май куйуучу жайда да иштегем. 2000-жылдан баштап кол өнөрчүлүк менен алектене баштадым», - деди ал.

С.Исманбаева заманбап стилдеги паннолорду жасайт.

«Мен кыздарга сеп жасайм. Мисалы, кыргыз жуурканын каптаганы үчүн 350 сом алсам, орус жуурканына 200 сом, ал эми жер төшөккө 200-250 сом. Мындан тышкары заманбап стилдеги паннолорду жасайм. Азыркы учурда адамдар туш кийиз илгендин ордуна, заманбап паннолорго кызыгышат. Панно - бул кичинекей майда курак менен бир көрүнүштүн келбети түшүрүлгөн килем. Биз паннолорду Кочкорго барып даярдап, Францияга жиберебиз. Чет өлкөлүктөр да буга бөтөнчө кызыгышат. Жасаган септерим Казакстан, Пекинге чейин кеткен учурлар болгон», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2540
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×