Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Чүй

Ысык-Атадагы спорт мектептин оңдоодон өткөн машыгуу залы пайдаланууга берилди (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Кант шаарында балдар жана ѳспүрүмдѳр спорт мектебинде оңдоп-түзөөдөн өткөн машыгуу залы пайдаланууга берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Кант шаарынын мэри Эркин Жумабековдун айтымында, аталган машыгуу залынын оңдоп-түзѳѳ иштерине мэриянын бюджетинен 9 млн сом акча каражаты каралган.

Машыгуу залды ачылышына Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин башчысы Марат Аманкулов, Ысык-Ата райондук бокс федерациясынын тѳрагасы Бактыбек Кудайбергенов, Ысык-Ата районунун акими Калмырза Медеркулов, акимдин биринчи орун басары Мидин Бердишалиев, Кант шаарынын мэри Эркин Жумабеков жана башкалар катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин башчысы Марат Аманкулов аталган спорттук мектепке бокс рингин жана чоң машыгуу килемин белек кылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 334
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×