Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Чүй

Кой-Ташта өзүн өзү атып салган милиция кызматкери 7 жылдан бери органда иштеп келген (толукталды)

Turmush -  Кой-Таштагы коргоо объектисинин күзөтүндө Ички иштер министрлигинин атайын даярдыктагы полкунун кызматкери өзүн атып салды.

ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, окуя 2-декабрга караган түнү катталган.

Болжолдуу маалыматтарга караганда, спецназчы Калашников мылтыгы менен башына ок аткан. Учурда милиция окуянын чоо-жайын териштирүүдө.

ИИМдин такталган маалыматына караганда, 1-декабрда болжол менен 19:00дөр чамасында Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Кой-Таш айылында жайгашкан ИИМдин сарайынан Ички иштер министрлигинин атайын даярдыктагы полкунун күзөттө турган кызматкери — милициянын кенже сержанты Эрлан Солпуевдин жансыз денеси табылган.

1991-жылы Чүй облусунда туулган Эрлан Солпуев укук коргоо органдарында 2010-жылдан бери кызмат кылып келген. Чүй ОИИБдин жана Аламүдүн РИИБдин ыкчам-иликтөө тобунун тергөөчүлөрү жана эксперттери аталган окуяны жеринен алдын ала кароо учурунда милиция кызматери өзүнө бекитилген АКМС үлгүсүндөгү курал менен аткан.

«ИИМдин сарайын кайтарууга күзөткө турган нөөмөттөгү милиция кызматкери мылтык менен башына ок аткан», - деп билдиришти аталган түзүмдөн.

Учурда комплекстүү иликтөө иши жүргүзүлүп, аталган окуянын бардык жагдайлары аныкталууда. Ошондой эле тиешелүү материалдар чогултулуп, соттук-медициналык, соттук-биологиялык, соттук-тергөө экспертизалар дайындалды.

ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери аталган куралды иликтеп чыгышат, ошондой эле иликтөө ишинин жүрүшүндө кызматкерлерди атайын даярдыктан өткөргөн полктун жетекчилеринин ишине баа берилет. Кызматтык ишинен кемчиликтерди кетирген жетекчилерге катуу чаралар көрүлөт.

ИИМдин жетекчилиги жана ардагерлер, мындан тышкары ички иштер органдарынын бардык кызматкерлери каза болгон кызматкердин жакын туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 5795
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×