Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Чүй

Парламенттин төрагасы майып жарандардын тигүү цехине буйрутмачыларды табууну тапшырды (видео, фото)

Turmush -  Бүгүн, 1-декабрда Майыптардын укугун коргоонун эл аралык күнүнө карата «Биз биргебиз» иш-чарасы өттү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, аталган иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Улан Карагулов, эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайкүл Исакунова, Архитектура, курулуш турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Абдиев Бактыбек жана Жогорку Кеңештин депутаттары катышты.

Бул иш-чаранын алкагында Жогорку Кеңештин төрагасы «Аракет» окуу борборундагы үй эмеректерин чыгаруучу жана кийим тигүүчү цехтердин иши менен таанышты. Ошондой эле, ал кийим тигүүчү цехке өзүнө пальтого буйрутма берип, дагы башка буйрутмачыларды табуу үчүн тиешелүү жетекчилерге тапшырма берди.

Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын орун басары Токтобүбү Ракимбаеванын айтымында, аталган коомго бардык шарты менен имарат куруп берүү үчүн Крупск айыл өкмөтүнөн 6 сотых жер бөлүнүп берилген.

«Өзүңөр көргөндөй азыркы имараттын шарты жок, муздак. Ошого жардам кылып, Крупск айыл өкмөтүнүн жергиликтүү депутаттары 6 сотых жер бөлүп беришкен. Эми ал жакка имарат куруу керек. План боюнча асты устакана, үстүңкү кабаттары жатакана болуп салынат», - деди ал.

Чүй облустук жаш майыптар коомунда 361 ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар катталган.

Ошондой эле, бүгүнкү иш-чаранын алкагында спорттук мелдештер өтүп, жеңүүчүлөргө баалуу белектер тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 444
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×