Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Чүй

Фото - Сын-Ташта эки кабаттуу үйдүн жарымы жана жол тандабас толугу менен күйүп кетти

Turmush -  Ысык-Ата районунун Сын-Таш дачасында жайгашкан эки кабатуу турак үйдүн чатыры жана жол тандабас толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, жыгач устундуу шифер менен жабылган эки кабаттуу турак үйдүн 60 чарчы метр чатыры жана «Тойота Ленд Крузер Прадо» үлгүсүндөгү унаа толугу менен (мамлекеттик номуру В10-49АЕ), «ИЖ-43» 12 калибр жана карабин курал-жарагы күйгөн.

Учурда өрттүн себеби такталууда.

Ал эми аталган окуяны жеринен барып билип келген Turmush басылмасынын аймактык кабарчысынын маалыматына караганда, өрт от жаккан мештен келип чыгышы мүмкүн.

Сын-Таш дачасынын тургундарынын айтымында, өрт чыккан эки кабаттуу турак үй Красная Речка айылынын тургуну Ж.Алексейге таандык.

«Үйдүн ээси жашы өтүп калган кары адам, анын эки баласы бар. Алар бул жерге эс алуу үчүн келишчү. Алексей 25 жылдан бери токойчу болуп иштеп келет», - деди тургундар.

Ж.Алексейдин уулу Сергей 1982-жылы туулган, Красная Речка айылында жашайт. Айрым маалыматтарга караганда, толугу менен күйүп кеткен жол тандабас Сергейдин досуна тиешелүү болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 543
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×