Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Чүй

Айыл турмушу: Канттык мугалим Ф.Сактанбекованын окуучулары кароо-сынактарда ийгиликтерди жаратууда (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Кант шаарындагы К.Рыскулова атындагы №2 мектеп-гимназиясынын тарбия бөлүмүнүн башчысы Фарида Сактанбекова окуучуларды ар кандай кароо-сынактарга, иш-чараларга даярдайт. Анын окуучулары Ысык-Ата районунда алгачкы жолу уюштурулган КВНге катышып, финалга жолдомо алды. Аймактык кабарчы аталган мугалим менен таанышты.

«Окуучуларды кароо-сынактарга, иш-чараларга даярдаганды жакшы көрөм. Эмгек жолумду аталган мектепте баштап, бүгүнкү күнгө чейин эмгектенип жатам. Үзүрлүү эмгектин арты менен мектептин, райондун, Билим берүү министрлигинин грамотасы менен сыйланып, «Эл агартуунун мыктысы» наамына татыдым.

Ал эми, КВН тууралуу айтсам окуучуларымды бул оюнга 1 ай даярдадым. Команда 9 окуучудан түзүлүп, бирөө музыка коюп берүүгө дайындалды. Биринчи лигага 9 команда катышып, анын ичинен 4 тайпа финалга чыкты. Ал эми, калыстардын мактоо баракчасын 4 команда алды. Өзүм ар тараптуу таланттуумун. Келечекке көптөгөн максаттарым бар», - деди ал.

Өзүнүн айтымында, Нарын облусунун Жумгал районунда 1968-жылы төрөлгөн.

« 8 бир туугандын бешинчисимин. Мугалимдин үй-бүлөсүндө тарбияландым. Учурда апам 80 жашта. Үч баланын энесимин. Улуусу балам 22 жашта. Ал учурда Россиянын Казань шаарында магистратурада окуп жатат. Кызым 20 жашта, Кыргыз улуттук университетте 2-курста окуйт. Ал эми, кичүү уулум 1-класста билим алып жатат. Жолдошум курулуш тармагында эмгектенет», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 475
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×