Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Чүй

Камактан качуу: Төртүнчү качкын кармалды

Turmush -  Сокулук РИИБдин тергөө абагынан качып чыккандардын төртүнчүсү — Кайрат Жанботоев кармалды.

1418820.1.1512097308

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, аталган качкын Чүй ОИИБдин атайын жүргүзүлгөн комплекстүү иш-чараларынын жыйынтыгында бүгүн, 1-декабрда саат 04:00дөр чамасында Москва районундагы Спартак айылынын аймагынан колго түшүрүлдү.

Кайрат Жанботоев 1989-жылы туулган, Чүй облусунун тургуну. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин (адам өлтүрүү) негизинде камакка алынган.

Ал эми абактан качып чыккандардын үчүнчүсү Бишкектен колго түшүрүлгөн болчу. Үчүнчү качкын — Багтият Ачылдурдиевди  28-ноябрда саат 21:00 чамасында борбордун Исанов жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде милиция кызматкерлери кармаган.

Б.Ачылдурдиев (22.01.1985) Түркмөнстанда төрөлгөн. Ага КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренесинин 4-бөлүмү (каракчылык), 348-берененин 2-бөлүмү (документтерди, штамп жана мөөрлөрдү жашыруу, жок кылуу жана уурдоо), 174-берененин 1-бөлүмү (мүлктү атайын жок кылуу же зыян келтирүү) менен айып тагылган болчу.

Буга чейин Turmush басылмасы Сокулук РИИБдин абагынан 4 адамдын качып кеткендиги боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, жыйынтыгында Сокулук РИИБдин башчысы, анын орун басарлары жана башка милиция кызматкерлери ээлеген кызматтарынан бошотулгандыгын маалымдаган.

Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматынын маалыматка караганда, 27-ноябрда Сокулук райондук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайынан төрт адам качып кеткен. Аларды кармоо боюнча Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун милициясы «Сирена» планын жарыялаган. Качып кеткендердин экөө — Рамил Базаркулов жана Бакыт Дилдешов 27-ноябрда Бишкек шаарынан колго түшүрүлгөн.

«Сокулук райондук прокуратурасы камактан төрт кишинин качып кетишине байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 304-316-беренелеринин негизинде («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «Шалаакылык») кылмыш ишин козгоду. Буга байланыштуу эки милиция кызматкери убактылуу тергөө жайына камалды», - деп айтылат маалыматта.

Ал эми ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Сокулук РИИБдин абагынан өзгөчө оор кылмыштарга шектелген 4 адамдын качып кеткендиги боюнча ИИМдин ички иликтөө кызматы кызматтык териштирүү жүргүздү.

Кызматтык териштирүүнүн жыйынтыгында Сокулук РИИБдин убактылуу кармоочу жайынан 4 шектүү адамдын тоскоолдуксуз качып кетүүсүнө РИИБдин дисциплинардык талаптарын, РИИБдин ички кызматынын уставын, ИИМдин буйруктарынын бузулушу, кызматкерлердин функционалдык милдетин ылайыксыз аткаруусу, тиешелүү деңгээлде нормативдик укуктук актыларды, убактылуу кармоочу жайдын ишмердүүлүгүнүн регламенттик тартибин билбегендиги, РИИБдин кызматкерлери үчүн коюлган чектөөлөрдү сактабагандыгы себеп болгону аныкталды.

Кызматкердин жеке, нравалык сапаттарында көрсөтүлгөн талаптарга туура келбеген жоругу үчүн Сокулук РИИБдин убактылуу кармоочу жайында нөөмөттө турган кызматкер, милициянын старшинасы Ж.М. жана Чүй облусунун Сокулук РИИБдин убактылуу кармоочу жайында нөөмөттө турган кызматкер, милициянын ага сержанты Б.Ш. ички иштер органдарындагы кызматынан бошотулду. Сокулук РИИБдин башчысы Б.Дүйшеев, РИИБдин жетекчисинин коомдук тартипти сактоо боюнча орун басары М.Саидов, РИИБдин башчысынын орун басары кызматынын убактылуу милдетин аткаруучу Н.Станов, РИИБдин коомдук тартипти сактоонун жетекчиси А.Д., РИИБдин жетекчисинин убактылуу кармоочу жайынын нөөмөт бөлүмү жана коомдук коопсуздук боюнча орун басары И.И., РИИБдин нөөмөт бөлүмүнүн ага тескөөчүсү А.М., РИИБдин нөөмөт бөлүмүнүн нөөмөт кызматкеринин жардамчысы М.А., РИИБдин убактылуу кармоочу жайынын ага тескөөчүсү И.О. ээлеген кызматынан бошотулду. Талаптардагы одоно бузулган эрежелер, кызматтык милдеттерин ылайыксыз аткаргандыгы үчүн Сокулук РИИБдин Криминалдык милиция кызматынын башчысы Д.М.га жана анын орун басарына эскертүү берилди.

«РИИБдин дисциплинардык уставындагы, РИИБдин ички кызматынын уставындагы талаптарды одоно бузгандыгы, Сокулук РИИБдин ишмердүүлүгүнө тиешелүү көзөмөлдүн жок болгону үчүн Чүй ОИИБдин коомдук тартип кызматынын башчысы И.А. жана анын орун басары Ж.К.га катуу сөгүш жарыяланды. Кызматтык териштирүүдөгү бардык метриалдар юридикалык баа берүү үчүн тергөө органдарына өткөрүлүп берилди. Прокуратура КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 304-316-беренелеринин негизинде (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, шалаакылык) кылмыш иш козгогон РИИБдин 2 кызматкери Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынды», - деп айтылат маалыматта.

Окуя тууралуу:

27-ноябрда ИИМ Сокулук райондук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайынан 4 адам качып кетип, изделип жаткандыгы кабарланган.

Маалыматына караганда, саат 06:00 чамасында убактылуу кармоочу жайга камакка алынган адамдар белгисиз жакка качып кетишкен. Качып кеткен 4 адам каракчылык жана адам өлтүрүү фактысы боюнча айыпталып кармалган. Аларды издөө иштерине Чүй ОИИБдин өздүк курамы жана ИИМдин ыкчам кызматы тартылган. Чүй облусу жана Бишкек шаары боюнча «Сирена» планы жарыяланып, ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүп жаткан. Чүй жана башка облустардын шаардык жана райондук ички иштер башкармалыгына, ошондой эле Бишкек ШИИБге багыттык маалыматтар жөнөтүлгөн. Стационардык посттордо милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштеп жаткан.

Издөөгө алынган адамдар:

- 16.07.1979 -жылы туулган Базаркулов Рамил Муктарбекович, Чүй облусунун Сокулук районунун тургуну, Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин (адам өлтүрүү) негизинде камакка алынган.

Кийген кийимдери: жеңи жок сырткы кийим (безрукавка), кара түстөгү шым жана бут кийим.

- 22.01.1985-жылы туулган Ачылдурдиев Багтият Турдукулович, Түркмөнстандын жараны, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 168-348-174-беренелеринин (каракчылык, документтерди, штамптарды, мөөрлөрдү уурдоо, жок кылуу, зыянга учуратуу же жашыруу, мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу) негизинде камакка алынган.

Кийген кийимдери: ак түстөгү баш кийим, көк түстөгү жинсы куртка.

- 04.03.1979-жылы туулган Дилдешов Бакыт Чыныбекович, Талас облусунун тургуну, Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренесинин (каракчылык) негизинде камакка алынган.

Кийген кийимдери: кара түстөгү баш кийим жана куртка.

- 23.09.1989-жылы туулган Жанботоев Кайрат Байызбекович, Чүй облусунун тургуну, Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин (адам өлтүрүү) негизинде камакка алынган.

Кийген кийимдери: кара түстөгү жеңи жок сырткы кийим.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2813
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×