Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Чүй

Жаш талант: Комуз черткен Жаркынбек аккордеон менен кытай жана англис тилдеринде ырдайт (фото)

Turmush -  Токмок шаарынын 16 жаштагы тургуну Жаркынбек Сагынбек уулу комуз чертип, фортепиано ойноп, аккордеон менен ырдайт. Аймактык кабарчы жаш талант менен таанышты.

Жаркынбек мектепте, музыкалык ийримдерде эң алдыңкы окуучулардын катарын толуктап, англис жана кытай тилдеринде ырдай алат.

«Апам комуз чертип ырдаганды жакшы көрөт. Анын колдоосу жана өзүмдүн кызыгуум менен бала кезимден музыкага жакын болдум. Төрт жылдан бери комуз ийримине барып, күү черткенди үйрөнүп жатам. Мыкты окуган окуучулардын катарын толуктайм. Мындан тышкары, аккордеон менен ырдап, фортепианодо ойной алам. Кытай жана англис тилдерин орточо билем жана бул тилдерде ырдайм.

Учурда Токмок шаарындагы №11 лицейде 10-класста окуйм. Химия, физика, англис тили сабактарын жакшы көрөм. Келечекте котормочу болгум келет. Атам күзөтчү жана апам мугалим болуп эмгектенет», - деди ал.

Жаркынбек үй-бүлөдө 4 бир туугандын кичүүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 404
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×