Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Чүй

Айыл турмушу: Мугалимдик кесип менен коомдук ишти бирдей алган Э.Үмөталиева БУУнун мектептеги долбоорун жетектейт (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Асылбаш айылынын 39 жаштагы тургуну Эркайым Үмөталиева мектепте 14 жылдан бери эмгектенип, коомдук иштерге да активдүү катышып келет. Ал он бир туугандын кичүүсү болгондуктан апасы атын Эркайым деп койгон. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

«Мен мектепти бүткѳндѳн кийин Бишкектеги коммерциялык колледждин каржы жана укук факультетин, андан соң Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктап, кыргыз тили жана кыргыз адабият сабагынын мугалими адистигин алып чыккам. Эмгек жолумду ѳзүмдүн туулуп ѳскѳн Асылбаш айылынан баштап, 2003-жылы Бейшеналы атындагы орто мектепке мугалим болуп кирдим. Мектепте директордун тарбия иштери боюнча орун басары, андан кийин Асылбаш айылдык кеңеште депутат болгом. Социалдык тармакка мүчѳ болуп калгандыгыма байланыштуу мектепте да социалдык педагог кызматына ѳткѳм.

Кесиптик иштерим боюнча мектептен жана Асылбаш айыл ѳкмѳтүнѳн ардак грамоталарына татыдым. Ошондой эле, жергиликтүү кеңештин аял депутаттарынын слетунда ардак грамота алгам. Сокулук району боюнча өткөн "Мыкты мугалим-2017" сынагына катышып, 2-даражадагы диплом жана баалуу сыйлыктыр менен сыйландым. Биздин мектеп БУУ тарабынан түзүлгѳн долбоор менен да иштейт. Анда окуучулар арасындагы "Менин кирешелүү чарбам" долбоорун да жетектеп, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары боюнча да "Мыкты мугалим" сынагына катыштым. Азырынча анын жообу билине элек», - деди ал.

Эркайым Үмөталиева 1978-жылы 22-декабрда Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Асылбаш айылында жарык дүйнѳгѳ келген.

«Жашоодо ѳкүнгѳнүм — жолдошумдун бул жарыкчылык менен эрте коштошуп кеткени. Бул окуя мени эле эмес, жакын адамдарынын баарын ѳкүндүрсѳ керек. Сүйүнгѳнүм — турмуштун оор сынагына сынбай, алдыга умтулганым. Ал эми келечектеги максатым болсо, балдарымдын жаркын келечегин түзүп берүү», - деди ал.

Мугалим үй-бүлѳдѳ 10 бир туугандын эң кичүүсү.

«Он бир туугандын эң кичүүсүмүн. Ошондуктан мени "эрке" болсун деп апам атымды Эркайым деп койгон экен. Бир туугандарымдын баардыгы мамлекеттик кызматтарда эмгектенишет. Үч баланын энесимин», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 713
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×