Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Чүй облусуКемин району 30.11.2017 13:37

Кеминде окуучулар СПИДге каршы жөө жүрүшкө чыгышты (фото)

Turmush -  Кемин районунун Шабдан айылында кечээ, 29-ноябрда «Биз СПИДге каршыбыз» аталышында иш-чара өттү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, иш-чара райондук мамлекеттик администрациясынын тескемесинин негизинде бардык мектептерде, мекеме-уюмдарда уюштурулду. Аталган иш-чара окуучулардын жөө жүрүшү менен башталып, Шабдан орто мектебинде улантылды. Ага Шабдан-Ата, Тар-Суу, Кайыңды жана Тегирмен орто мектептери катышып, түрдүү сынактар өткөрүлдү. Ошондой эле, иш-чаранын алкагында аталган илдет жана аны алдын алуу жолдору тууралуу маалымат берилди. Жыйынтыгында сынактын жеңүүчүлөрүнө айыл өкмөт тарабынан дипломдор жана белектер тапшырылды. Иш-чара бүгүн, 30-ноябрда Орловка шаарында улантылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×