Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Чүй

«Жезде»: Э.Ысыев жубайын алып кетүүгө барганда жүгүнүү салтын унутуп, коноктор отурган бөлмөгө кирип барган (фото)

Turmush -  Москва районунун Беловодск айылынын 30 жаштагы тургуну Эдил Ысыев күйөө бала болуп барган күнү жеңеси менен жүгүнүп кирүү салтын эске албай, кайын журтунун кадыр-барктуу коноктору отурган бөлмөгө кирип, дасторконго отуруп алган. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Э.Ысыев жубайы Айзат Каныбек кызы менен 3 жыл кыз-жигит болуп сүйлөшүп баш кошушкан.

«2009-жылы дүкөндөрдүн биринин суусундук бөлүмүндө сатуучу болуп иштедим. Ошол мезгилде болочоктогу жубайым Айзат менен тааныштым. Ал да сатуучу болуп эмгектенчү. Жубайым жаңы эле мектепти аяктап, жогорку окуу жайга тапшырып иштеп жаткан экен. Арадан 3 жыл өткөндөн кийин экөөбүз баш кошуу тууралуу кеңешип, ата-энелерибизге айттык. Үйлөнүү тойго баары макул болушту. Алгач кайын ата, кайын энем менен жолугуп, той тууралуу сүйлөштүк. Экөө тең абдан жөнөкөй жакшы адамдар. Жолукканда алгач сүрдөйсүң, коркуу сезими болот дешкен. Бирок мен андай сезимдерге кабылган жокмун. Алар менен биринчи жолукканда эле өз ата-энемдей кабыл алдым. Келинчегим экөөбүз 2012-жылы баш коштук.

Жашоодо эч нерсеге өкүнбөйм. Кудайга шүгүр сүйгөн жарым, балдарым, ата-энем, бир туугандарым, кайын журтум маңдайыбызда жана баарыбыз ынтымактуу жашап жатабыз. Кайын журтум мени өз баласындай көрөт», - деди ал.

Эдил буга катар эле жубайын үйүнөн алып кеткени баргандагы кызыктуу окуяны айтып берди.

«Кызды үйүнөн алып кеткени барганда күйөө бала катары жеңемдин коштоосу менен кирип, жүгүнүшүм керек болчу экен. Мен муну билген эмесмин. Жеңем бут кийимин чечип артымдан келгиче мен элпек болуп өзүм эле кирип бардым. Кайын журтум менен учурашып, анан дасторконго отуруп алгам. Бир маалда жеңем артымдан келип «кайра чык, мен сени жүгүндүрүп кирем» десе, отургандар күлүп калды. Анан өзүм да күлдүм», - деди ал.

Ал үй-бүлөдө 4 бир туугандын улуусу.

«Атам, апам жана 3 иним бар. Беловодск орто мектебин бүтүрүп, жогорку окуу жайды ийгиликтүү аяктадым. Бирок кесибим боюнча иштебей, устачылык менен алектенип келем. Желим эшик-терезе жана курулушка керек болгон башка нерселерди жасайм. Негизи көп нерсеге шыгым бар. Жасалышын көрүп алсам аны тез эле өздөштүрүп алам. Алдыда көптөгөн максаттарым бар. Аларды четинен ишке ашырып жатабыз. Жубайым экөөбүз бир уул, бир кызды тарбиялап жатабыз. Учурда үй-бүлөбүздүн толукталышын күтүүдөбүз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 626
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×