Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Чүй

Айыл турмушу: Дарыгерлик кесибин таштап, өз мекенине кайткан этникалык кыргыз Б.Момунов курулушта эмгектенүүдө (фото)

Turmush -  Тажикистандагы этникалык кыргыз Байжан Момунов өзүнүн тарыхый мекенине Кыргызстанды өнүктүрүүгө салым кошуу үчүн кайтып келди. Бул тууралуу ал аймактык кабарчыга билдирди.

40 жаштагы Б.Момунов учурда үй-бүлөсү менен бирге Токмок шаарында жашап жатат.

«Тажикстандын Жерге-Тал районунун Кара-Сай айылында төрөлгөм. Ал жерде мектепте окуп, жогорку билимге ээ болуп андан кийин үйлөндүм. Кесибим боюнча медицина кызматкеримин. Медициналык окуу жайды бүтүргөм. Жубайым да бул тармакта эмгектенет. Экөөбүз окуп жүргөндө таанышканбыз», - деди ал.

Байжан Момунов үй-бүлөсү менен 2004-жылы тарыхый мекенине көчүп келүүнү чечишкен. Ал жаш кезинен бери Кыргызстанга кайтууну кыялданып жана ойлонуп жүргөн.

«Азыр ушундай керемет жерде жашап жатканыма өкүнбөйм. Эли кайрымдуу, негизгиси жаратылыш жана абасы эч нерсеге алмаштыргыс. Жубайым экөөбүз 5 баланы тарбиялап жатабыз. Эң улуу балам 10-класста окуйт. Ал эми, эң кичүүбүз кыз бала. Аны баарыбыз жакшы көрөбүз», - деди ал.

Б.Момунов Кыргызстанга келгенде өзүнүн кесиби менен эмес куруу тармагында эмгектенип баштаган. Ал 12 жылдан бери белгилүү курулуш ишканаларында курулуш жектекчиси болуп иштейт.

«Мен көсипкөймүн деп айтпайм, бирок курулуш тармагында белгилүү ийгиликтерге жетиштим. Жергиликтүү бийлик органдарынан ардак грамота жана ыраазычылык баракчаларын алдым. Учурда биздин бригада Ысык-Көл облусунда социалдык объект куруп жатат. Бала бакчанын сапаттуу имаратынын курулуш иштерин жыйынтыктап, пайдаланууга берүүнү пландоодобуз. Ал имарат биздин өлкөнүн келечеги болгон балдарга жакшы шарт түзүп берүү үчүн курулду», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1283
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×