Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Чүй

Айыл турмушу: Илимпоз жана ишкер уулдарды тарбиялаган Асия апа долбоор жазып, сүт азыктарын сатат (фото)

Turmush -  Сокулук районунун Жаңы-Жер айылынын 60 жаштагы тургуну Асия Кемелбаева бир нече жыл эл агартуу тармагында эмгектенип, учурда «Даткайым» тобу менен маданий иш-чараларга катышып жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

А.Кемелбаева үй-бүлөсү менен 1992-жылы Токтогулдагы катуу жер титирөөдөн кийин Чүй облусуна көчүп келген.

«1992-жылдан бери кереметтүү Сары-Өзөндө жашап жатам. Эмгектенбей жатканды жаман көрөм. Үй-бүлөбүз менен жер иштетип, мал чарбачылыгы менен алектенебиз. Ошондой эле, уюм, долбоор жана кыймылдардын биринин өнөктөшүмүн. 2016-жылы Жаңы-Жер айылынын «Ардактуу айымы» наамына татыдым. Ал эми, быйыл «Даткайым» тобунун мүчөсү болдум. Биздин топко ата салтын, эне наркын бийик туткан айымдар чогулган. Мындан тышкары, сүт азыктарын иштетүү боюнча кичи долбоор утуп, 2005-жылдан бери айран, каймак, быштак жасап, базарларга, айылдагы дүкөндөргө тапшырам», - деди ал.

Асия апа жолдошу менен 5 уулду тарбиялап өстүрдү.

«Уулдарымдын бардыгы жогорку билимдүү. Эң улуу балам Кыргыз-түрк «Манас» университетинде эмгектенет. Ал түркология илимдеринин доктору, илимпоз. Экинчи уулум Жаңы-Жер кесиптик лицейинде айдоочулук боюнча сабак берет. Үчүнчү уулум аталган айыл өкмөттө ишкананын жетекчиси болсо, төртүнчү уулум Россиянын Москва шаарында эмгектенет. Ал эми, бешинчи уулум Түркияда иштейт.

Жолдошум экөөбүз кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп үйлөндүк. Биздин үй мектептин так түбүндө орун алган. Ал учурда чөнтөк телефон жок эле. Жолдошум кечинде келип ышкырып калчу. Мен кээде чыксам, кээде чыкпай коер элем.

Өзүм шырдак жасайм. Кыргыз айымдары жасаган тамак-аштын бардык түрүн жакшы жасайм. Келин алгандан бери казан-аякка киришпей калдым. Учурда үч келиним бар», - деди ал.

Анын айтымында, «Даткайым» тобундагы апалар сынакка даярдануу үчүн кечинде маданият үйүнө барышат.

«Жашоодо бактылуу жашап жатам. Ар бир күнүм жылмаюу менен өтөт. Күлкүлүү окуялар көп болот. Жайында сынакка катышабыз деп топтогу апалар чогулдук. Күндө бардыгынын эле келүүгө шарты болбойт. Кээде үч-төртөөбүз эле келебиз. Малдарды шашылыш тейлеп, уйларды саап, кечинде маданият үйүнө жүгүрөбүз. Топтогу айымдардын бири кечинде чалынып жыгылганын айтса, айрымдары балдарынан уялып, абышкасынан уруксат сурай албай күн мурун кошомат кылганын айтып күлүшөт», - деди ал.

А.Кемелбаева 1957-жылы Токтогул районунун Толук айылында төрөлгөн.

«Токтогулдагы Толук орто мектебин аяктап, 1974-1978-жылдары Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун филология факултетинде окуп, кыргыз тили жана кыргыз адабияты боюнча мугалимдик кесипке ээ болдум. Эмгек жолумду Баткендеги Хайдаркен мектеп-интернатында мугалим болуу менен баштадым. Ал жерде 2 жыл эмгектенип, кийин өзүмдүн айылымдагы мектепке которулдум. Ошол мезгилде кадр саясаты ушундай болчу. Алгач окуу жай багыт берген жерде иштечүбүз. Айылдагы мектепте 1992-жылга чейин мугалим, окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары болуп эмгектендим. Талыкпаган эмгектин арты менен көптөгөн ардак баракчалар жана «Жылдын мыкты мугалими» наамы менен сыйландым», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 552
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×