Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Чүй облусуЫсык-Ата району 29.11.2017 12:51

Ысык-Атада мектептердин арасында көңүл ачуучу сынак уюштурулду (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы орто мектептердин арасында «Жаш Time» аттуу сынак болуп ѳттү. Бул тууралуу Кант шаарындагы коомдук жаштар кыймылынын негиздѳѳчүлѳрүнүн бири Эдил Кожалиев билдирди.

«Үч тапшырма болду. Биринчиси саламдашуу, экинчиси алдын ала даярдануу жана үчүнчүсү музыкалык сынак болду. Ага Кант шаарынан жана Ысык-Атанын кѳпчүлүк айылынан келген 9 тайпа катышты. Оюндары эң сонун болду. Финалга Ново-Покровка орто мектебинин, Киров атындагы орто мектебинин, Буденов орто мектебинин, Кен-Булуң орто мектебинин жана Кант шаардык №2 орто мектебинин тайпалары чыгышты. Ар бир тайпага 8-класстан 11-класска чейинки таланттуу окуучулар кошулган. Эми финал 24-декабрда ѳткѳрүлѳт», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×