Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Чүй

Кеминде мал уурдоого шектелип токмоктук тургун кармалды

Turmush -  Милиция кызматкерлери тарабынан уюштурулган ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негизинде Чүй облусунун аймагында атайын рейд жүргүзүлүп, мал уурдоого шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган түзүмдүн маалыматына караганда, ушул жылдын 19-июнунда Кемин РИИБге арыз менен 28 жаштагы О.А. аттуу жергиликтүү тургун кайрылып, 18-июнда болжол менен саат 21:00 чамасында Боролдой айылында жайгашкан үйүнүн короосунан 1 баш ири мүйүздүү малын уурдап кеткен белгисиз адамдарга карата тиешелүү чараларды көрүүнү суранган. Бул окуя боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренесине (мал уурдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.

Милиция кызматкерлери ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда аталган кылмыш ишине шектүү катары Токмок шаарынын Ш.К. аттуу жашоочусун кармашкан. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, иликтөө иштери уланууда.

Ошондой эле, ушул жылдын 11-ноябрында Сокулук райондук милиция кызматкерлерине Төш-Булак айылынын 42 жаштагы жашоочусу арыз менен кайрылып, 5-ноябрда үйүнөн 2 баш малын белгисиз адамдар уурдап кетишкендигин билдирген. Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (мал уурдоо) менен кылмыш иши козголуп, милиция кызматкерлери тарабынан көрүлгөн иш-чаралардын негизинде мал уурдоого шектелип 47 жаштагы Т.М. аттуу жаран кармалган.

Кармалган жаран Сокулук РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 348
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×