Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Чүй

Канттагы кыздардын борборуна жаңы спорт зал салынды (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы «Гүлзар балалык» борборуна жаңы спорт зал курулду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган мекеменин мүдүрү Гүлина Аманкулова билдирди.

«Бизде кубанычтуу күн болду. Бул спорт зал кыздарыбыздын ден соолугунун чыңалышына чоң түрткү болот деп ойлойм. Анткени спорт ден соолуктун булагы деп айтылат эмеспи. Спорт залды жеке демѳѳрчү ачып берди. Ачылыш аземинде кыздар менен чогуу спорттук мелдештерге түшүп, ар бирине баалуу белектерин тапшырып кетти. Ѳзүңѳр билгендей, буга чейин да дагы бир демѳѳрчүлѳрүбүз үй жайы жок кыздарыбызга үй салып беришкен болчу», - деди ал.

Аталган борбордо бүгүнкү күндѳ 102 кыз тарбияланууда. Булардын ичинде томолой жетим, жарым-жартылай жетим жана турмуштун оор абалына кабылган үй-бүлѳнүн кыздары тарбияланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 376
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×