Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Чүй

Айыл турмушу: ӨКМдин Чүй районундагы мурунку башчысы Улан мырзанын шырдагы Францияга 160 миң сомго сатылды (фото)

Turmush -  Чүй районунун Дөң-Арык айылынын 36 жаштагы тургуну Улан Союзбек уулу апасынан калган ишкананы иштетип, кол өнөрчүлөрдү жумуш менен камсыздап жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ишканада жасалган шырдактар Европа мамлекеттерине чейин сатылат.

«Биздин айылда колунан көөрү төгүлгөн уз-чебер Анара деген апа бар эле. Тууган болчубуз. Ал боз үйдүн жасалгаларын жана шырдакты абдан мыкты жасачу. Ошондой эле, өзүмдүн таенем колунан көөрү төгүлгөн уз эле. 1979-жылдарга чейин апам айылдагы ФАПта фельдшер-акушер болуп эмгектенип, кийин шартка байланыштуу Токмоктогу кийиз фабрикага жумушка кирген. Ошол жылдары Анара апа менен бирге кооператив менен чакан ишкана ачкан. Ишканада боз үйдүн жасалгаларын, шырдак, ала кийиз жасап, кементай, чепкен жана калпак тигишкен. 1991-жылдардан кийин 15 кишиден турган чакан ишкананын жамааты боз үйдүн жасалгаларын жасап, мамлекеттик деңгээлдеги чоң көргөзмөлөргө, Нооруз майрамында уюштурулган иш-чараларга катышып, бир нече жыл бою алдыңкы орундарды алышкан. Жалпылап айтканда биздин учурдагы ишкана 1979-жылы түзүлгөндөн бери иштеп келет. Ишкананын иштегенине 38 жыл болду», - деди ал.

У.Союзбек уулунун айтымында, учурда ишканада 12 кыз-келин эмгектенет.

«Ишканада 12 кол өнөрчү айым эмгектенет. Буга чейин ар кандай улуттук буюмдарды жасап келишсе, учурда бир беткей шырдактарды жасоого өттүк. Биздин ишканада жасалган шырдактар Германия, Франция, Австрия, Кытай, Россия жана Казакстанга сатылды. Мамлекеттик кызматтарда иштеп жүрүп, кол өнөрчүлүккө аралашып калганыма апаларымдын жанында аларга жардам берип, бул өнөрдү жакындан тааныганым себеп болду. Ошол мезгилде эле кызыгуу пайда болгон.

Негизи көп деле бош убактым болбойт. Оймо-чиймелерди кесиш үчүн абдан курч бычактар керек. Бош болгондо ошондой бычактарды жасайм. Ал бычактар бүгүнкү күндө эң курч деп эсептелген металлдардан жасалат. Анткени базардан сатылып алынган жөнөкөй бычактар кийиз кескенде тез мокоп, керектен чыгып калат. Базарлардан эски ара, чалгыларды көрүп калсам, аларды чогултуп алып келип иштегенге ылайыктуу бычак жасайм. Мындай бычактар көп убакытка чейин мокобойт», - деди ал.

Улан Союзбек уулу белгилегендей, шырдактардын 1 чарчы метри 4000-4500 сомго бааланат.

«Узуну 3 метр, туурасы 2 метр шырдак 6 чарчы метр болот. Алты чарчы метр шырдак 4 миң сомдон баштап 27 миң сомго чейин сатылат. Биздин шырдак Францияга 162 миң 855 сомго сатылган. Бирок шырдакты сатып алгандар биздин тааныш болгондуктан 160 миң сомго баалаганбыз. Алар үйүнө шырдакты салып, балдары менен сүрөткө түшүп бизге жөнөтүп, ыраазычылык билдирген. Азыр алар бизге ошол шырдактын чоң өлчөмүн жасоого буйрутма беришти», - деди ал.

У.Союзбек уулу 1981-жылы Чүй районуна караштуу Дөң-Арык айылында төрөлгөн.

«Балалыгым аталган айылда өттү. Калча атындагы №26 орто мектепти бүтүрүп, 1999-жылы Кыргыз мамлекеттик университетине тапшырдым. Жогорку окуу жайды 2004-жылы аяктап, өзүн-өзү башкаруу адистигине ээ болдум. Андан кийин Чүй райондук мамлекеттик администрациясынын социалдык бөлүмүндө иштеп, кийин Токмок шаарынын мэриясынын муниципалдык башкармалыгында эмгектендим. Ошондой эле, Чүй райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүндө иштеп, кийин аталган бөлүмдүн жетекчиси кызматына дайындалдым. Бир топ жыл үзүрлүү эмгектенип, 2012-жылдардан кийин үй-бүлөлүк шарттарга байланыштуу кызматымды өткөрүп берип, айылга келдим», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2972
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
Sam100
13:45, 28 ноября 2017
Азаматсыз Улан байке! Кызматтан-кызматка которулуп кетсениз деле жарашмак экен. Бирок сиз кызматтан мурун ата-эненин урматын, уй-булоонун бактысын жана Кыргыз элинин наркын, баалуулуктарын бийик коюупсуз! Сиздей адамдар аз! Бар болунуз, ийгилик!
Көп окулду
×