Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Чүй облусуЖайыл району 28.11.2017 11:10

Жайыл районунда жол кырсыктан бир айылдын 6 тургуну жабыр тартты

Turmush -  Чүй облусунун Жайыл районундагы жол-транспорт кырсыктан 6 адам жаракат алды. Бул тууралуу Turmush басылмасына укук коргоо органдарынан билдиришти.

Алдын ала маалыматтарга караганда, кырсык кечээ, 27-ноябрда саат 21:00дөр чамасында Петропавловка айылынын аймагында катталган. Райондук ооруканага 6 адам жеткирилди. Алар:

- 2000-жылы туулган А.Р., Ново-Николаевка айылынын тургуну;

- 1987-жылы туулган Ж.А.,Ново-Николаевка айылынын тургуну;

- 2000 -жылы туулган С.С.,Ново-Николаевка айылынын тургуну;

- 1999-жылы туулган С.А., Ново-Николаевка айылынын тургуну;

- 1985-жылы туулган Т.М., Ново-Николаевка айылынын тургуну;

- 2001-жылы туулган С.А., Ново-Николаевка айылынын тургуну.

Жабыркаган 3 адам травматология бөлүмүнө жаткырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×