Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Чүй

Жаш талант: Комузда кол ойноткон Зыйнат сынакта кытай тилинде ырдап, чөнтөк телефон утуп алган (видео, фото)

Turmush -  Чүй облусунун Чүй районуна караштуу Токмок шаарынын 15 жаштагы тургуну Нурадин кызы Зыйнат 3-классынан тарта комуз чертип, ырдап келет. Ал Бишкекте ѳткѳн «Мен кытай тилинде ырдаймын» аттуу сынакта 2-орунду жеңип алган. Аймактык кабарчы жаш талант менен таанышты.

«Мен алгач 5-классыма чейин №13 орто мектепте окугам. Ошондо 3-класста комуз ийримине катышып баштагам. Кийин ата-энем 6-класс кезимде шаардык музыкалык мектебине беришкен. Ошентип музыкалык мектепте окуганыма 4 жыл болду. Шаар аралык, мектеп аралык сынактарга катышып, кѳптѳгѳн ардак баракчалар менен сыйлангам. Бишкекте "Мен кытай тилинде ырдаймын" аттуу сынакка катышып, 2-орунду багындырып, сыйлыкка чѳнтѳк телефон утуп алгам», - деди ал.

Жаш комузчу Нарын облусунун Ат-башы районуна караштуу Ак-Муз айылында 2002-жылы тѳрѳлгѳн.

«Учурда Токмок шаардык №5 орто мектебинин 9-классында окуйм. Мектепте кыргыз тил, кыргыз адабият, орус адабият сабактары жагат. Келечекте таланттуу комузчу, дастанчылардын бири болгум келет. Мен үй-бүлѳдѳ үч бир туугандын кичүүсүмүн. Атам Нурадин тиш дарыгери. Апам Динара медайым. Урмат жана Ислам аттуу эки агам бар. Комуз чертүүдѳн сырткары ырдаганды, бийлегенди жактырам», - деди жаш талант.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 571
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×