Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Чүй

Токмокто көчөдөн табылган ымыркай кыздын ата-энеси табыла элек, - милиция

Turmush -  22-ноябрда Токмок шаарында чиркөөнүн жанында көчөдөн табылган ымыркай кыздын ата-энеси табыла элек. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, учурда аларды издөө иштери жүрүп жатат.

«Азырынча табыла элек. Иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат. Табылган кыз европалык түспөлдөгү наристе болуп жатат. Токмоктун тургуну деп айтууга азыр эрте. Себеби, чиркөө чоң жолдун боюунда болгону үчүн, ары-бери автоунаа менен өткөндөр дагы таштап кетиши ыктымал», - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин 22-ноябрда Turmush басылмасы Токмок шаарындагы Охотничья көчөсүнөн жаңы төрөлгөн ымыркай кыз табылгандыгын маалымдаган.

Дароо милиция кызматкерлери менен дарыгерлерге маалымат берилип, ымыркайдын абалы текшерилген. Анын салмагы 3 кг 400 грамм болгон. Ымыркай кыз табылганга чейин 3-4 саатка жакын убакыт көчөдө жатып калгандыгы такталган.

Токмок шаардык балдар ооруканасынын дарыгери Лира Жумалиева ымыркай медициналык кароодон өтүп, бардык анализдери алынгандыгын билдирген.

«Бизге милиция кызматкерлери тез жардам унаасы менен алып келишкен. Келери менен ымыркайдын ден соолугуна кам көрө баштадык. Наристе аябай үшүп калган экен. Биз ага биринчи медициналык жардамды көрсөтүп, анализдерин алдык. Азыр абалы жакшы, кичинеден тамак ичип жатат. Бизге жеткен маалымат боюнча ымыркайды энеси төрөгөндөн кийин эле таштаган экен», - деген ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 468
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×