Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Чүй

Жаш талант: 5 жашында мектеп босогосун аттаган Элиза шахмат боюнча мэриянын кубогун утуп алды (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Кант шаарынын 14 жаштагы тургуну Элиза Касымова 3 жылдан бери шахмат боюнча райондо алдыңкы орунду бербей келет. Ал келечекте дүйнѳ чемпиону болууну кыялданат. Аймактык кабарчы жаш талант менен таанышты.

«Шахматка 3 жылдан бери катышып келем. Тактап айтканда 2014-жылы баштагам. Алгач атам менен ойноп кѳрдүм. Ошондо жакты. Андан кийин атам окуучуларды мелдешке алып барганда, мен да кѳргѳнү барып, кызыгуум пайда болду. Ошентип шахмат оюнуна тез кирише баштадым. 2015-жылы февраль айында райондо ѳткѳн мелдеште 1-орунду, 2016-жылы ушул эле райондогу мелдештен 1-орунду, 2017-жылдын май айында Кант шаардык мэриянын кубогун жеңип алгам. 2017-жылдын ноябрь айында Ысык-Ата районунда ѳткѳрүлгѳн мелдеште 1-орунду камсыздадым.

Мен учурда К.Рыскулова атындагы №2 мектеп-гимназиясында окуйм. Мектепте мага кыргыз тили, дене тарбия жана физика сабактары жагат. Негизи мен 7-класс болмокмун, бирок 2 жыл эрте кирип, учурда 9-класстын окуучусумун. Бош убактымда волейбол ойноп, ыр жазганды жактырам. Келечекте шахматтан дүйнѳ чемпион болгум келет», - деди ал.

Жаш талант Ысык-Ата районуна караштуу Кант шаарында 2003-жылы тѳрѳлгѳн. Үй-бүлѳдѳ 4 бир туугандын кичүүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 390
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×