Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Чүй

Кара-Балтада ондогон жүк ташуучу унаа көмүр капмасына кирүүчү жолду жабышты (фото, видео)

Turmush -  Бүгүн, 27-ноябрда Кара-Балта шаарындагы көмүр кампалардын биринде ондогон жүк ташуучу унаа кампага кирүүчү жолду тосуп калды.

Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдиргендей, топтолгон айдоочулар «Шабыркүл» көмүр кампасында жетекчилик алмашкандан кийин кара отун көп көлөмдө түнкүсүн гана сатылып жатканын билдиришти.

Алар белгилегендей, кампага 35 тонналык жүк ташуучу унаалар кирип жатат. Ал эми, кампанын жаңы жетекчилиги тарабынан акыркы күндөрү кезекке туруу киргизилип, анда мурда кампага тоскоолдуксуз кирген ортомчулар да турушу керектигин билдирди.

Жектечиликтин айтымында, мындай чаралар калкка көмүр сатуу жана ортомчулардын санын кыскартуу максатында киргизилди. Аталган көмүр кампанын жетекчилиги 24-ноябрь күнү алмашкан болчу. Ал жерге көмүр Казакстандан алынып келинет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 445
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×